Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:37

КЫРГЫЗСТАНГА ӨЛҮМ ЖАЗАСЫ КЕРЕКПИ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек 6-август күнү Бишкекке Римдеги «Каинден колуңду тарт!» деген эл аралык бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү келди. Алар быйыл сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясына сунуштала турган, дүйнө жүзү боюнча өлүм жазасынан баш тартуу тууралуу резолюцияны Кыргызстандын жетекчилиги менен талкуулаш үчүн сапар тартышкан. Кыргызстан өлүм жазасынан таптакыр баш тарткан 76 мамлекеттин катарында эмес. Бирок, 1998-жылдан бери президент А. Акаев өз жарлыгы менен өлүм жазасына мораторийди улам бир жылга узартып келатат.

Кыргызстанда азыр өлүм жазасына кесилген 200гө жакын киши өз жазасын күтүп жатат. Алар азырынча Бишкектин тергөө изоляторунда бир камерада 7-8ден тыгылып отурушат. Аларды нормага ылайыктап жалгыздап кармаганга Кыргызстандын шарты жок. Чөнтөгү жука Кыргызстанда абактагы бир адам 16 сомдук тамак менен күн көрүүдө. Жыл жаңырган сайын өлүм жазасына кесилгендер жүрөктөрү дүкүлдөп президенттин жарлыгын күтүшөт. Ошентип, мамлекет башчысы эл аралык коомчулуктун пикирин эске алуу менен 1998-жылдан бери бул кылмышкерлердин өмүрүн улам бир жылга узартып келет.

Башкы кеңсеси Римде жайгашкан «Каинден колунду тарт!» аттуу бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү Бишкекке Кыргызстандын жетекчилиги менен өлүм жазасынан биротоло баш тартууну талкуулаганы келишти. Учурда бул уюмдун өкүлдөрү дүйнө жүзү боюнча өлүм жазасы бар өлкөлөрдү кыдырып жүрүшөт. Ал эми быйыл сентябрда алар БУУнун сессиясына дүйнө жүзү боюнча өлүм жазасынан баш тартуу тууралуу резолюцияны сунуштаганга кам урушууда. Бул бейөкмөт уюмдун өкүлү Антонио Санагунун оюнда, Кыргызстан алардын сунушун түшүнүү менен кабыл алды, бирок өлкөдөгү экономикалык көйгөйлөрдөн улам дароо киришүүгө даяр эмес:

- Кыргызстандын жетекчилиги бул ойду түшүнүү менен кабыл алууда. Кыргызстандын президенти адам укуктарына абдан көңүл бурат экен. Бара-бара бул өлкөдө сөзсүз өлүм жазасы жоюлаарына ишенем. Бирок Кыргызстандагы экономикалык көйгөйлөрдү эске алганда, ага чейин да кыйла убакыт бар го деп ойлойм.

Кыргызстанда өлүм жазасын аткарууга бир жылга тыюу салынган менен, сотто мындай өкүмдөр чыгып эле атат. Жылдан-жылга Бишкектин абактарында өлүм жазасын алгандардын саны өсүп барат. Ал эми кыргыз өкмөтү болсо аларды кармоонун, кайтаруунун жана кардын тойгузуунун үстүндө башын оорутуп келет. Эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар кыргыз абактарында орун тартыштыгын белгилеп келаткандарына көп болду. Юстиция министрлиги жазган «Абактагылардын санын азайтуу жөнүндө» мыйзам долбоору ушу тапта парламентте жатат. Кыргыз өкмөтү эң жогорку жазага тартыгандарга да орун таба албай кыйналып атат. Бишкектин четиндеги Нооруз айылында курулуп аткан Чүй дубанынын тергөө изоляторунда атайын өлүм жазасына чегерилгендер үчүн өзүнчө имарат курулганы турат. «Кыргызстан ансыз да оголе көбөйүп кеткен камактагыларын тыңыраак кармай албай атканда, өлүмгө кеткендерди багууга дарамети жок» деген ойлор бар. Мурдагы парламенттин депутаты, «Мукар жана профи» юридикалык компаниясынын жетекчиси Мукар Чолпонбаев өлүм жазасынын жоюлушуна каршы:

- Кыргызстан азыркы экономикалык кырдаалдан улам элине жумуш таап бере албай, жакыр үй-бүлөлөрдү көтөрмөлөй албай турат. Анан 20-30 жыл бою өлүм жазасына чегерилгендерди кантип багат? Аларды кайтарууга жана кармоого канча каражат керек? Кыргызстан социалдык абалын оңдоп, даана демократиялуу, укуктук мамлекет болгуча өлүм жазасынан баш тартпай турганы оң.

Кыргызстандын Акыйкатчысы «жалпы элдик референдум кылып туруп, элге ушул суроо менен кайрылыш керек» дейт. Турсунбай Бакир уулунун оюнда, мамлекет мыкаачы кылмышкерди жөн гана өлтүрүп койгону жаза боло албайт. Ал кылмышкер камерада жалгыз 20-30 жыл отуруп, өзүнүн жасаган кылыктарына өкүнүп кыйналганда гана даана жазаланган болот. Ушул ойду Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкери Өмүрбек Кутуев да колдойт. Анын айтымында, мамлекет үчүн өлүм жазасын аткарып коюш жеңил, бирок 20 жылдан ашык камакта жатканда гана кылмышкер жанына күч келип, накта жазасын алган болот.

Президент А. Акаев өлүм жазасына тыюу салып, жыл жаңырганда жарлык чыгарып келатканына 6 жыл болду. Өлкө башчысынын алдындагы Кечирим берүү комиссиясына жыл сайын ушундай жаза алгандардан кайрылуу түшөт. Былтыр өлүм жазасына кесилген 6 кылмышкер президенттен кечирим берүүнү суранган. Кыргызстандын Кылмыш кодексинин алты беренесинде өлүм жазасы каралган.

Акыры Кыргызстан бүгүнкү күндө өлүм жазасын калтыраары же андан такыр баш тартаары табышмак. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Кубатбек Байболов «кыргыз бийлиги калкын да, эл аралык коомчулукту да олку-солку кылбай, бул маселеге чекит коюшу керек» деген ойдо. Ал «Азаттыкка»: «Сотто мыйзамга жараша чыккан өкүмдөр аткарылышы керек», - деп билдирди. Депутаттын пикиринде, жылыга президенттин жарлыгы менен мыйзам көрсөткөн нормаларды буза берген болбойт.

Дүйнө жүзү боюнча 76 мамлекет өлүм жазасынан баш тарткан. Ал эми 13 өлкө анча оор эмес кылмыштарга өлүм жазасын чегерүүгө тыюу салган. Орусия менен Армения Европа Кеңешине мүчө болгондуктан, өлүм жазасын алып салуу жолунда. Орто Азия мамлекеттеринен ичинен Казакстан мамлекет тарабынан өлүмгө кыюуну токтотууну караштырып аткан кези.
XS
SM
MD
LG