Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:26

Россиянын президенти Владимир Путин шаршемби күнү Самарканд шаарында Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен кездешти. Путин жолугушууда эки өлкө ортосундагы соода азыр “өтө тынчсызданчу” абалда экенине, же акыркы жылдары бештен бирге кыскарып кеткенине көңүл бөлдү. Каримов болсо Россия кемелине толуп баратканына басым жасап, эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди “мурдакы калыбына келтирүү” зарыл деди.

Өзбек президенти Ислам Каримов Самарканд шаарындагы кездешүүдөн кийин “Сүйлөшүүнүн графиги жана мөөнөтү чектелбеди, анын күн тартиби пландалбады жана алдын ала даярдалбады” деп, ага карабастан, сүйлөшүүнүн натыйжалуу болгонуна басым жасады.

Президент Путин Өзбекстанга июль айынын башында келмек. Бирок, 5-июлда Москвада болгон жардырууларга байланыштуу визит кийинге калтырылган болчу. Ошон үчүн Путин Самаркандга Малайзиядан кайтып келатып токтоду.

Сүйлөшүү, президент Каримов белгилегендей, “чар жайыт” жүрдү деш жаңылыштык болмок.
Россия президентинин администрация башчысынын орун басары Сергей Приходько мурда билдиргендей, Путин менен Каримов Самарканд жолугушуусунда Россия-Өзбекстан ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну жигердентүүгө өзгөчө көңүл бөлүштү.
Тараптар өкмөттөр аралык комиссиянын курамын жаңылап, анын биринчи жыйыны сентябрда өтсүн деп макулдашты. Бул комиссия, Путиндин сөзү менен айтканда, “эки өлкөнүн кызыкчылыгын жактаган мыкты мыятчы болушу керек”.

Путин россиялык ишканалар өзбекстандык завод-фабрикалар менен болгон кооперативдик байланышты жандандырууга жана Өзбекстандын газ кендерин иштетүүгө кызыкдар экенин да билдирди. Москва ишканалар ортосундагы чарбалык-экономикалык кызматташууну чыңдоо аркылуу, совет доорунан калган эски карыздарды кайтарып алууну жана соода алакасын жакшыртууну көздөйт.
Айтсак, Өзбекстан Россияга 640 миллион доллар карыз. Россиянын тышкы соодасындагы Өзбекстандын үлүшү акыркы жылдары 20 процентке төмөндөп кеткен.

Ишканалар ортолук кызматташууну бекемдөө Өзбекстанга экономикалык жактан таасир этүүгө жана Борбор Азиянын базарын кайра ээлөөгө мүмкүндүк берет.
Ушундай жагдайдан улам, Владимир Путин мындай деди:

- Силерге маалым болгондой, биз Беларус, Украина жана казакстандык коллегаларыбыз менен чогуу өлкөлөр ортосунда жалпы экономикалык мейкиндикти түзүү маселесин талкууладык. Мен ал жөнүндө кененирээк айтып бергим келет.

Өзбекстан, Путин белгилеп кеткендей, Россия, Белaрус, Украина жана Казакстан ортосунда түзүлөт деп мерчемделип жаткан бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулбайт.

Ислам Каримов өз кезегинде Россиянын Борбор Азиядагы ролуна басым жасады.

- Биз Россиянын эки тараптуу кызматташууда эле эмес, КМШ ортосундагы көп жактуу байланышта да маанилүү роль ойнoорун терең түшүнөбүз. Россиянын мындай ордун дүйнө өлкөлөрү да моюнуна алат деген ишеничтебиз. Россия ушу тапта кайра жаралууда жана өзүнө таандык маанилүү орунду кайтарып алууда.

2001-жылдын 11-сентябрында АКШда болгон террордук чабуулдардан кийин президент Каримов Батыш өлкөлөрү, өзгөчө АКШга ыктап калган.
Лондондук эксперт Алекс Ватанка айткандай:

- Каримов, Борбор Азиянын беш лидеринин ичинен, өз өлкөсүн Москванын Борбор Азиядагы үстөмдүгүнөн алыс кылууга өтө жигердүү аракеттенген.

Ошентип, соңку жылдары Ташкенди Москвадан ыраак кармап жүргөн Ислам Каримовдун Россиянын Борбор Азиядагы ролуна басым жасоосу, эки жактуу соода-экономикалык кызматташуу зыян тартууда деп, СССР кыйрагандан кийин пайда болгон экономикалык боштукту кайра жандандырууга чакыруусу, Өзбекстандык ишканалар мурдакы советтик республикалардын базарына жана россиялык капиталга муктаж экенин күбөлөйт деп тыянак жасаса болот.
XS
SM
MD
LG