Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:43

ИРАК: МУКТАДА САДЫР МОЛДОНУН САЛМАГЫ КАНЧАЛЫК?


Иракта жакындан бери жергиликтүү шийит мусулмандардын арасынан Муктада ас–Садыр атуу жаш дин ишмери чыгууда. Ал жума намаздарда сүйлөгөн сөздөрүндө Ирактын утурмдук бийлик органы – Башкаруу кеңешин сынга алып, өлкөдөн америкалык аскерлердин чыгышын талап кылып жүрөт. Атүгүл коопсуздукту сактоо үчүн өзүнүн диний армиясын да түзөөрүн жарыялаган. Бирок айрым аналитиктердин пикиринде, Муктада ас–Садыр Ирактын шийит жамаатында кеңири колдоого ээ экени күмөндүү.

Жашы отуздун ар жак бер жагындагы Муктада ас-Садыр Ирактагы ыйык шаарлардын бири катары эсептелген Нажафта жашайт. Ата–теги да таанымал жана таасирлүү молдолордон болушкан. Өз атасы аятолла Мухаммад ас–Садыр 1999-жылы Саддам Хусейндин адамдары тарабынан өлтүрүлгөн экен. Ал шийиттердин мурдагы режимге каршы күрөшүнүн башында тургандардын бири эле. Эми болсо анын уулу Муктада ас-Садыр Саддамдын режимин бийликтен кулаткан АКШ аскерлеринин Иракта турушун кескин сынга алып, ирактыктарга эгер кааласа ислам мамлекетин курууга жол берилиши керектигин айтып жүрөт. Атүгүл "ыймансыздыкка" жана "тышкы идеологияга "каршы туруу үчүн диний армия түзүү чакырыгы менен да чыкты. Муктада ас-Садырдын айтымында, анын адамдары америкалык аскерлерге каршы курал колдонбойт. Алардын өлкөдөн чыгып кетиши үчүн тынчтык ыкмалары менен гана күрөшмөкчү.

Анын аскерлеринин саны канча экени белгисиз. Жаш молдонун өкүлдөрү жакында жалпысынан ал диний армиянын катарына кошулууга даяр 10 миңдей ыктыярдуулар бар экенин билдиришти. Кабарларга караганда, башкалаа Багдаддын жакыр адамдар жыш жашаган, мурда Саддам, азыр аты ас-Садыр деп өзгөртүлгөн районунан эле 1000дей ыктыярдуулар чыгышкан. Муктада ал-Садыр адегенде эле Багдаддын дал ушул районунан колдоо тапты. Жергиликтүү тургундардын айтымында, мунун да жүйөөсү бар. Себеби анын адамдары Саддамдын режими кулагандан кийин эле Багдаддын аталган районунда тартипти жана мыйзамдуулукту орнотуп, мечит курууга киришип, ооруканалар менен башка турмуш–тиричилик жайларын иштете башташты. Жумалык гезит чыгарышууда, АКШ аскерлеринин өлкөдөн кетишин талап кылган демонстрацияларды такай өткөрүп турушат.

Ас-Садыр өзү болсо жума намаздардын учурунда Ирактын утурумдук бийлик органы – Башкаруу кеңешин сынга алып, бул орган АКШнын кол баласы болгондуктан ага кирүү ниети жок экенин жана ал таратылыш керектигин айтып жүрөт.

Анткен менен Иракка адистешкен айрым аналитиктердин пикиринде, жаш молдонун аракети өлкөдөгү улуттук жана диний тайпалардын баарынын өкүлдөрү кирген Башкаруу кеңешинин ишине көлөкө түшүрө албайт. Аналитиктер, ошондой эле, Муктада ас–Садыр маркум атасынын аброюн пайдаланып жатканын, шийит жамаатында ага карата колдоонун деңгээли анчалык деле жогору эмес экенин белгилешүүдө. Маселен Британиядагы Эксетер университетинин араб өлкөлөрү боюнча адиси Хасан Абдурразактын пикиринде, Муктада ас-Садыр сахнага күтүүсүздөн чыкты, ал саясий максаты же өзүнүн саясий уюму жок популист адам. Диний лидер болууга да жаштык кылат:

- Мен анын сөздөрүн угуп көрдүм. Бул жигиттин реалдуу билими, терең саясий максаты же көз карашы бар деп эсептебейм. Ал өтө эле карапайым адамдай сүйлөйт жана ал шийиттердин баарын өзүнө тарта алат деп ойлобойм.

Хассан Абдулразактын пикиринде, өткөн айда Муктада ас-Садырды колдоп оң миңдей адамдын чыгышы эле ал кеңири колдоого ээ экенин билдирбейт.

Эң көп дегенде аны шийиттердин 15%дайы жакташы мүмкүн. Ал эми Ирактын шийит саясатчыларынын бири Мухаммед Абдел Жабар жаш молдонун популярдуулугун АКШ Иракты басып киргенден кийин тартип жана мыйзамдуулук орнотуп, күндөлүк турмуш тиричиликке эң ириде керектүү нерселердин нормалдуу иштешин камсыздай албаганына байланыштырат. Абдел Жабардын айтымында, Муктада ас-Садырды жактагандар негизинен жакырлар менен жаштар. Шийиттердин ортоңку катмары менен диний чөйрөсүнөн колдоо аз эле. Муктада ас–Садырга Ирактын АКШ баштаган коалициялык администрациясы анын жактоочулары өлкөнүн шийит жамаатын туюндурбасын айтып, көп деле көңүл бурган жок.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG