Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

АЗЕРБАЙЖАН: АТАСЫНАН АЛГАН БИЙЛИКТИ УУЛУ САКТАЙ АЛАБЫ?


Азербайжандын президенти Гейдар Алиев дарылануусун улантыш үчүн Түркиядан АКШдагы ооруканага жеткирилди. 80 жаштагы Алиевдин саламаттыгы тууралуу ар түркүн маалыматтар айтылган сайын Бакуда саясий кырдаал чыңалып, өкмөт башчы болуп дайындалган президенттин уулу Илхам Алиев өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактап кала алабы деген маселенин актуалдуулугу артууда.

Акыркы жылдары жүрөк оорусунан көбүрөөк жапа чегип, улам узакка дарыланууга аргасыз болгон Азербайжандын президенти Гейдар Алиев бейшембиде АКШнын Кливленд шаарындагы ооруканага жеткирилгенин Вашингтондун өкүлдөрү ырасташты. Коопсуздук чаралары кынтыксыз сакталгандыктан, Түркиядагы аскердик-медициналык госпиталда бир айча дарыланган Алиевди журналисттер бул ирет да өз көзү менен көрө алышкан жок. Ошентсе да, Азербайжандык "Туран" маалымат агенттиги Гейдар Алиев аэропортко медициналык тез жардам машинесинде жеткирилип, аң-сезими жайында болсо да, өзү баса албагандыктан, догдурлардын жардамы менен учакка киргенин жазып чыкты. Анын алдында эле Азербайжан бийлигинин камчысын чапкан башкы партия – "Жаңы Азербайжандын" аткаруучу катчысы Али Ахмедов Бакуда басма сөз жыйынын өткөрүп, президенттин саламаттыгы жайында деп дагы бир ирет жарыялаган эле:

- Азербайжандын президенти Гейдар Алиевдин ден-соолугу дурус акыбалда, жакынкы күндөрү ал Бакуга кайтып келип, шайлоо компаниясын баштайт.



Ушундай расмий маалыматтар менен Гейдар Алиевдин саламаттыгынын чыныгы абалы тууралуу ар түркүн, бири-бирине коошпогон кабарлар Бакудагы саясий атмосфераны чыңалтпай койгон жок. Ага кошумча ушул дүйшөмбүдө парламент бекиткен Азербайжандын жаңы өкмөт башчысы, президенттин уулу Илхам Алиев өлкөдөгү саясий стабилдүүлүктү сактай алабы, мамлекетти башкарууга деги даремети жетеби? – деген суроолор кызуу талкууланууда.

Адегенде Азербайжандык оппозициячылар президент Алиевдин өз уулун өкмөт башчы кылып дайындаганын монархиялык көрүнүш катары бааласа, эми Илхам Алиев тымызын төңкөрүш аркылуу бийликти атасынан тартып алды деп айта башташты. Азербайжандын оппозициячыл "Мусават" партиясынын лидери Иса Гамбар төмөндөгү жагдайларга көңүл бурат:

- Биринчиден, өлкөнүн Шайлоо кодексине ылайык, Илхам Алиев бир эле убакта парламенттин мүчөсү, премьер-министр, анан да президенттикке талапкер боло албайт. Биз бул маселени Конституциялык соттун кароосуна койгон жатабыз. Андан сырткары оппозициячыларды Илхам Алиевди премьер-министр кылып дайындоо жөнүндөгү жарлыкка президент Алиев кандай акыбалда кол койду, деги бул документ мыйзамдуубу? - деген суроо тынчсыздандырууда. Кандай болгон күндө да, Азербайжандын оппозициячыл кыймылдарынын Координациялык кеңеши чогулуп, өлкөнү монархияга айландырууга, бийликти төңкөрүш аркылуу басып алууга, президенттик шайлоону бурмалоого жол бербейбиз, ага каршы чечкиндүү күрөшөбүз деп макулдаштык.

Азербайжандык оппозициячылар антип, көркөмдөп айтканда, "кылычын кайрап атса", байкоочулар өлкөдөгү саясий, экономикалык бийликтин баарын ээлеген белгилүү кландын ички карама-каршылыктары да оңой эмес экенин айтышат. Бейшембиде "Евразиянет" Интернет-басылмасында жарык көргөн макалада өкмөтчүл "Жаңы Азербайжан" партиясынын бийлик органдарында иштеген 50дөй өкүлү жашыруун түрдө оппозициячылар менен жолугушуп, Илхам Алиевге каршы кансыз күрөштүн жолдорун талкуулаганы баяндалат. Аналитиктер, бирок, Азербайжандын болгон байлыгын менчиктештирип ээлеп алган бийликтеги кландын президенттик шайлоого чыгарган көзгө басар талапкерлери ата-бала Алиевдер болгондуктан, алар экөөнүн бирөөнү эптеп тактыга отургузууга кызыкдар экенин белгилешет. Бакулук оппозициячылар Илхам Алиевди "жүүнү бош, андан тың саясатчы чыкпайт" деп мүнөздөсө, өкмөт тараптагылар тескерисинче, "уулу атасына караганда ачык-айрым, баары менен тил табышып иштеп кетет" деп мактап-жакташат. Чет элдик байкоочулар былтыр күздө Илхам Алиевди Вашингтон жылуу кабыл алганын эске салышып, эгерде ал президент болуп шайланса, Батыштын колдоосуна бат эле арзыйт деп жазып чыгышты. Азербайжандын жаңы премьер-министри болсо, бейшембиде билдирүү таратып, президенттик шайлоо алдында кызматын орун басарына өткөрүп берип, мамлекет башчылык үчүн мыйзамдуу түрдө ат салышаарын жарыялады.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG