Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:46

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТЫНЧТЫК ОРНОТУУЧУ МИССИЯСЫ КОСОВОДО 2004-ЖЫЛДЫН АВГУСТУНА ЧЕЙИН КЫЗМАТ ӨТӨШҮ ЫКТЫМАЛ


Өткөн жылдын август айынан бери Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуучу миссиясынын курамында Кыргызстандын күч министрликтеринин төрт кызматкери коогалаңдуу Косово аймагында кызмат өтөп жүрүшөт. Алардын бири - милициянын полковниги Азамат Кутманалиев - Косовонун Призрань облусунун баңгизаттарга каршы күрөш бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары катары өзүнө тагылган милдетти аткарууда. 7-августта Тышкы иштер министрлигинде өткөн маалымат жыйынында Азамат Кутманалиев кыргызстандык аскерлердин Косоводогу кызмат өтөөсүнүн жагдайлары тууралуу айтып берди.

: Косоводо Азамат Кутманалиевден башка дагы 3 кыргызстандык милдет өтөшүүдө. Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери, милициянын ага лейтенанты Феликс Дүйшеев учурда Косоводогу полиция бөлүмүндө штабды башкарат. Нуркан Ишенбеков да мурда ички иштер тармагында иштеген, азыр Косоводо кылмыш иштери боюнча маалыматтарды топтоп, тартипке салат. Улуттук Гвардиянын кызматкери, подполковник Темирбек Мусаев Призрань ички иштер бөлүмүнүн транспорт бөлүмүн жетектейт. Алар бир жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуучу миссиясынын курамында Косоводо полиция катары иштешүүдө.

Азамат Кутманалиевдин айтымында, Косоводо абал сыртынан караганда бейкут көрүнгөнү менен, кырдаал дале болсо оор.

- Коомчулукка ал тууралуу ачык айтылбаганы менен, эгер ушинтип айтууга мүмкүн болсо, кырдаал дале оор бойдон калууда. 53 мамлекеттин 4 миңден ашуун полицияларын эсепке албаганда, Косоводо азыр НАТОнун 40 миңден ашуун аскери жайгашкан. Мындан тышкары вертолет, бронетехникалар бар. Мурдагы Югославиянын провинциясы эсептелген алакандай Косово үчүн бул, албетте, чоң аскерий күч, - дейт Азамат Кутманалиев.

Анын айтымында, Косоводо кызмат өтөгөн полицейлердин көбү - Кошмо Штаттардан жана Германиядан келгендер. АКШнын 500гө жакын, Германиянын 400дөй полицейлери коомдук тартипке көзөмөл кылышат. Косоводо Шериктештик мамлекеттеринин ичинен Орусиянын 130дай, Украинанын 50дөй полицейлери бар. 2,5 млн. адам жашаган Косового Бириккен Улуттар Уюмунун убактылуу башкаруусу киргизилген.

Азамат Кутманалиевдин маалыматына караганда, кыргызстандыктар кызмат өтөгөн бир жылдан бери 3 ирет жарылуу болуп, бир адам каза таап, 6 адам жарадар болгон. Андан тышкары, Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуучу миссиясынын алкагында кызмат өтөп жүрүп, Индиядан келген бир полицей белгисиз адамдардын огунан каза тапкан.

Косоводо үстүбүздөгү жылдын 6 айында баңгизаттарга байланыштуу 127 кылмыш иши козголуп, анын ичинен тергөөcү аяктаган 82 иш сотко ашкан. Калгандары тергелип жатат. Косоводо иш соттун чечими менен гана жабылат. Ошого карабай, Азамат Кутманалиевдин айтымында, Косовонун кылмыш-жаза мыйзамдарында жакшыртып, иштеп чыгуучу жагдайлар көп. Аны баңгизаттарга каршы күрөштүн абалынан байкаса болот.

- Айта кетейин дегеним, биз баңгизаттарды сатып аткан бир адамды кармадык. Мыйзамдын кемчилигинен ал 3 ай гана отуруп, абактан бошоп кетти. Кыргызстанда андай кылмыш менен кармалгандар жок дегенде 7-8 жыл отурат, - дейт Азамат Кутманалиев.

Саясатчылар «Косовонун келечеги кандай болушу керек?» деген ойлорун ортого салып, талаш-тартыштар уланууда. «Косовону Албаниянын карамагына бериш керек» деген да сунуштар айтылып, бирок ал жактырылган эмес.

- Бул маселени чечүүдөгү ыңгайлуу варианттын бири – «Косово Сербия менен Черногориянын биримдигине кирген мамлекет болсун» деген сунуш талкууланууда. Бирок, бул тууралуу да так жоопту эч ким билбейт, - дейт Азамат Кутманалиев.

Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуучу миссиясынын алкагында кызмат өтөп жаткан кыргызстандык 4 жоокердин келишиминин мөөнөтү 2004-жылдын февраль айында аяктайт. Бирок анын мөөнөтү дагы 6 айга узартылышы ыктымал.
XS
SM
MD
LG