Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:19

ЖУРНАЛИСТТЕР ЖЫЙЫНЫ, ТАМЕКИЧИЛЕР КАЙГАЙЫ, ЖӨӨ ЖОМОКТОР, МИЛИЦИЯ РЕФОРМАСЫ


Кыргызстандын маалымат каражат кызматкерлеринин жыйынында кеп болгон медиа-кеңеш түзүү демилгеси мезгилдүү басма сөз беттеринде ар кыл пикирлерди жаратууда. Кыргыз журналисттери Казакстандын тамеки талааларында иштеген улутташтарынын жашоо-тиричилигин көрүп кайтышты. Ал арада Бишкекте кыргыз эл жөө жомоктору басылып чыкты. Өлкөдө ички иштер кызматын реформалоо аракети көрүлүүдө. Адистин пикири кандай?

Кыргыз журналисттеринин медиа-кеңешин түзүү демилгесине бейшембидеги «Трибуна» гезитинде Ырысбек Өмүрзаков үн кошту. Анын пикиринде, «жаңы кеңеш журналисттерди тергеп-тескеп турчу көзөмөл органы болот. Кеңештин демилгечилери журналисттерди калемдештеринин колу менен жазалоону көздөшкөнү көрүнүп турат».

Кыргыз журналисттери Казакстандын тамеки талааларында иштеп жүргөн мандикерлердин турмуш-жайын көрүп келишкен. Улугбек Бабакуловдун, Наталья Домогальскаянын жана Асел Сагынбаеванын «Казакстандагы кыргыз мандикерлери» деген аталыштагы проблемалуу очерки «Трибуна» гезитинин бейшембидеги санында жарыяланды. «10 миңден ашуун кыргыз мандикерлери Казакстандын талааларында таңдан кечке кезерип иштеп жүрүшөт. Казак полициясынын кордугуна, жергиликтүү төбөлдөрдүн зомбулугуна кайыл болгон мандикерлерди тамеки талаасына алып баруу, аларды чектен өткөрүү милдетин алган ортомчулар менен мамлекеттик кызмат адамдарынын ортосунда пара жүрүп, алар ич ара келишип алышкан», деп маалымдайт макала авторлору.

Ички иштер кызматын реформалоо проблемасына бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити токтолду. Ички иштер министрлигинин илим-изилдөө борборунун жетектөөчү кызматкери Дамир Сагынбаевдин айтымында, ички иштер кызматынын негизин криминал милициясы – уюшкан кылмыш менен террорчулукка каршы күрөшчү оперативдүү бөлүк түзмөкчү. Реформа ишке ашса участкалык, кыштактык жана шаардык милиция бөлүмдөрүнүн жетекчилери эл тарабынан шайланып, журт алдында отчет берип турмакчы.

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын геология институтунун директору Апас Бакировдун гезитте жарыяланган маегинде өлкөдө 100гө жакын пайдалуу кендер, 15000дөн ашуун кен чыга турган жерлер бар экендиги маалымдалат.

Жакшы көркөмдөлгөн кыргыз эл жөө жомоктору орус тилине которулуп китеп болуп чыккандыгын бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити маалымдады. Жаңы китеп Москвадан басылып чыккан. Кезекте элдик керемет-сыйкырдуу жомоктордун сериясы турат.

Кыргызстанда өнөр жайы аз-аздан оңоло баштаганы тууралуу бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезитинде тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жиенбеков кеп курду. Анын маалыматына караганда, быйыл жарым жыл ичинде өнөр жай ишканалары 22 млрд. сомдук продукция өндүрүшкөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу арбын. Ушу тапта «Текстильщик» акционердик коому сатыкка коюлууда. Ишкананын 25% пакетинин наркы 1 млн. 465 миң долларга бааланган. «Айдаркен сымап комбинатынын тендери 20-августка белгиленген, бирок буга чейин бир да сунуш түшкөн жок», деп маалымдайт министр. Бишкектин башкы планын түзүүдө шаарды эки бөлгөн темир жолду жер алдына түшүрүп, анын үстүнө кенен көчө куруу планы тууралуу ушул эле гезитте Архитектура, транспорт жана курулуш университетинин ректору Жумабек Тентиев ой жүгүрткөн.

«Аалам» гезитинин башкы редакторунун орун басары Нургазы Анаркуловдун айтымында, басылманын жума күнү сатыкка түшчү санында өкмөт башчысы Николай Танаевдин ишмердиги тууралуу материал жарык көрмөкчү. Кийинки кездери өкмөт башчысынын кызматтан кетээр-кетпеси тууралуу божомол кептер арбын айтылууда. Мындан тышкары, «А.Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын жыйынынан маалымат, президенттикке талапкер Марат Султановдун саясий бейнесине арналган макала жарык көрмөкчү.

«Кыргыз руху» гезитинин апта аягындагы санында басылманын биринчи саны жарык көргөндөн бери 12 жыл өткөнүнө байланышкан материалдар, ал кездеги гезит кызматкерлеринин кыял-жоругун чагылдырган күлкү-тамаша жарыяланмакчы. «Абдыкерим Муратов менен Сейит Жаанбаевдин «Кыргызды ким башкарыш керек же азыркы чиновниктер сормо саздан сууруп чыга алабы?» деген аталыштагы полемикалуу материалы гезиттин жаңы санында жарык көрмөкчү», дейт басылманын башкы редакторунун орун басары Маматемин Рыскулов.
XS
SM
MD
LG