Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Орусия Ирактын келечеги үчүн кам көрүүдө


Орусия Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешин Ирак боюнча жаңы резолюция кабыл алууга чакырды. Чакырыкта Иракты калыбына келтирүү үчүн тезинен анын туруктуу өкмөтүн түзүү зарылдыгы айтылган. Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Ивановдун айтымында, Орусия Ирактын Башкаруу кеңешин расмий түрдө таанышы мүмкүн, себеби, ал өлкө конституциясын иштеп чыгып, парламенттик шайлоо өткөрүүгө негиз түзөт. Ал эми бүгүн Ирак маселесин Орусиянын жетекчилери менен АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Уильям Бернс талкуулап жатат.

XS
SM
MD
LG