Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:51

Жакынкы Чыгышта кырдаал дагы опурталдуу


Израилдин аскерлери террактарга катышы бар деген шек менен бүгүн Палестинанын 18 жаранын кармады. Алар террорчул топтун мүчөлөрү болушкан жана жардыргычтарды жасашкан деген божомол болууда. Кечээ Израил камакта жаткан 300дөн ашуун палестинди түрмөдөн чыгарган. Дүйшөмбүгө чейин камакта жаткан миңге чукул палестиндиктердин жүзү бошотулат. Бирок, Палестин тарап камактагылардын баарын бошотууну талап кылууда. Палестинанын премьер-министри Махмуд Аббас болсо бүгүн Сауд Арабстанга барууга камданууда. Ал Арабстандын жетекчилери менен жолугушуп, Жакынкы Чыгышта абалды жөнгө салуу маселелерин талкуулайт. Андан кийин Аббас Бириккен Араб Эмираттарына жана Кувейтке барат деген маалымат бар. Эгер ал Кувейтке барса, 1990-жылдан бери Палестинанын бул өлкөгө барган биринчи жогорку даражалуу мамлекеттик адамы болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG