Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:08

Иордандын Ирактагы элчилигинин имараты жанында жардыруу болду


Бүгүн Иорданиянын Ирактагы элчилигинин имаратынын жанында жардыргычтар салынган машина жардырылып, андан он бир адам набыт болду. Жардыруу кимдин колунан келгени жана ага кандай себеп болгону азырынча белгисиз. Иорданиянын падышасы Абдулла экинчи өткөн жумада Саддам Хусейндин кыздары жана неберелерине баш паанек берген. Ал эми кечээ Багдадда АКШлык эки жоокер жана тилмеч каза болду. Чет өлкөлүк аскерлерге кол салууну даярдаган деген шек менен Тикрит шаарында бир нече адам кармалды. Алардын экөө Саддамга кызмат кылган аскер генералдары болуп чыкты. Алар Саддамдын дарегин билер деген кыязда суралууда. Айрым маалыматтарга караганда, Саддам бир жерде 3-4 саат гана болуп, жер которуп жүрөт жана буга аны жактоочу кландардын өкүлдөрү жардам берип жатышат. Ал эми бүгүн Иракка Украинанын 340 жоокерден турган бейпилдик тобу жөнөтүлдү жана алардын саны бара-бара 1800гө жетет.

XS
SM
MD
LG