Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:38

«Акыйкат жана прогресс» партиясы президенттик шайлоого катышаары белгилүү болду


БИШКЕК. «Акыйкат жана прогресс» партиясы парламенттик жана президенттик шайлоого өз талапкерлерин сунуш кылууну көздөп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» берген интервьюсунда партиянын төрагасы Муратбек Иманалиев билдирди. Анын айтымында, президенттик шайлоого өз талапкерлерин аз сандагы эле партиялар сунушташы ыктымал. Алардын катарында «Акыйкат жана прогресс» партиясы талапкерди сунуштоо маселесин келерки күздө боло турган курултайда талкуулап, талапкердин ысымын кийинчерээк өтө турган конференциялардын биринде ачыктайт. Ал эми азыр болсо партиянын лидерлери өлкөнүн булуң-бурчтарын кыдырып, жер-жерлерде партиянын багытын тааныштырып жүрүшөт. Партия каттоодон быйыл 21-майда өткөн. Партиянын башында мурдагы министрлер Муратбек Иманалиев, Абдыжапар Тагаев, мурдагы мамлекеттик катчы Ишенбай Абдразаков өңдүү саясатчылар бар.

XS
SM
MD
LG