Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:29
БИШКЕК. Жогорку Сот азыр түрмөдө жаткан «Арнамыс» партиясынын төрагасы Феликс Куловго байланышкан көзөмөл арызды кароого келерки дүйшөмбүдө киришет. Бүгүн «Арнамыс» партиясы Ф. Куловдун адвокаты Любовь Ивановага шилтеме берип, ушундай маалымат таратты. Л. Иванова мындай көзөмөл арызды былтыр берип, анда Ф. Куловго карата буга чейинки сот чечимдерин териштирип, жокко чыгарууну суранган. Жогорку Соттун ишти кароого киришип жатканына байланыштуу ага Демократияны өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Төлөкан Исмаилова да бүгүн кайрылуу жолдоду. Кайрылууда ал Конституциянын нормаларын жана эл аралык уюмдар менен келишимдерди эске алып, Ф. Куловдун иши боюнча мурдагы чечимдерди жокко чыгарууну Жогорку Соттон өтүндү.
Феликс Кулов «улуттук коопсуздук министри жана Чүй облусунун губернатору болуп турган кезде кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик казынага зыян келтирди» деген эки айып менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Азыр саясатчы Жаңыжердеги № 19-түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Ф. Куловго байланышкан көзөмөл арызды буга чейин Жогорку Сот конституциялык өзгөрүүлөргө байланыштуу карай элек болчу. Жогорку Сот доо арыздарды кароого ушул айдын башында киришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG