Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:14

Кыргызстандын ички иштер кызматкерлери Косоводо дагы калышы мүмкүн


БИШКЕК. Бириккен Улуттар Уюмунун тапшырмасы менен Косоводогу убактылуу администрациянын эл аралык тынчтык орнотуучу контингентинин катарында кызмат өтөп жүргөн кыргызстандык 4 кызматкердин мөөнөтү келерки жылдын август айына чейин узартылышы мүмкүн. Бул туурасында бүгүн Тышкы иштер министрлигинде өткөн маалымат жыйынында кыргызстандык тынчтык орнотуучу күчтөрдүн башчысы Азамат Кутманалиев билдирди. Ал буга чейин Чүй облустук ички иштер башкармалыгында баңгизаттарга каршы күрөш бөлүмүн жетектеп келген. Учурда ал Косоводогу облустук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болуп кызмат кылат. Анын айтымында, эл аралык полициянын катарында кызмат кылып жүргөн Феликс Дүйшеев Косово райондук ички иштер бөлүмүнүн штаб жетекчисинин милдетин аткарып жүрөт. Улуттук коопсуздук кызматынан барган Нуркан Ишенбеков оперативдик-издөө бөлүмүндө кызмат кылса, Улуттук Гвардиядан барган Темирбек Мусаев автоунаа чарбасынын жетекчиси болуп иштеп жатат. Кыргызстандык тынчтык орнотуучулар катаал шартка карабастан Косовонун полиция аппаратын түзүүдө жардам көрсөтүшүп, жогорку адистик даярдыгын эл аралык деңгээлде көрсөтө алышкан. Косоводогу эл аралык полиция күчтөрүндө КМШ мамлекеттеринен Орусиянын, Украинанын жана Кыргызстандын өкүлдөрү кызмат кылышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG