Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:36

ТҮРКМӨНСТАНГА – КАЧКЫН, КЫРГЫЗСТАНГА – ЖАРАН


Мирзохалим Каримов, Бишкек Түркмөнстандын саясий, маданий жана экономикалык турмушундагы башкалардан айырмаланган өзгөрүүлөр тууралуу кийинки учурда ар түрдүү маалыматтар угулууда. Чет өлкөлөрдө жүргөн айрым атуулдары «мекенибиз диктатурага айланды, ал жерде азыр Сталиндин тушундагыдай репрессия өкүм сүрүүдө, Түркмөнстанга баруу да, аяктан келүү да абдан кыйын болду» деп, кабатырланып жатышат. Мунун анык-төгүнүн билүү максатында Бишкектеги Борбор Азиялык Америка университетинин эл аралык саясат факультетин быйыл бүтүрүп чыккан жана өз өлкөсү Түркмөнстанга качкын эсептелген Мердан Халиловду сөзгө тарттык.

- Мердан, «Даат» гезитине берген интервьюңда «өз жериме качкын болсом, Кыргызстанга жаранмын» дептирсиң. Тагдырдын кандай буйругу менен Түркмөнстандан Кыргызстанга келип жашап калдың?

- Менин бул жакка келишим мурда пландаштырылган эмес эле. Бул жердеги университет тууралуу уккан соң, кокусунан эле келип калдым. Жолум ачык окшойт, университет мага каржылык жактан толук колдоо көрсөтүп, ушул жерде калып калдым.

- Кайсыл университет жөнүндө айтып жатасың?

- Борбор Азиядагы Америка университети. Түркмөнстанда 4 жылдын аралыгында саясий абал аябай өзгөрдү. Азыр ушу тапта бул университеттин эл аралык саясат факультетин бүтүргөнүмдөн кийин Түркмөнстанга кайра бара албайм жана мен үчүн ал жакка барууга жол жабык деп ойлойм. Себеби, саясий жактан алып караганда, мага ал жердеги саясий чөйрөдө иштөөгө мүмкүнчүлүк болбойт. Өзүм каалагандай иштей албастыгыма көзүм жетип турат. Анткени Түркмөнстанда тоталитардык, консервативдик режим улам жыл өткөн сайын күчөп баратат.

- Өз мекениңдеги адам укугунун корголушу жана андагы социалдык, экономикалык, маданий абал тууралуу айтып берсең?

- Ырас, азыр Түркмөнстанда таң каларлык иштер болуп жатат. Экономикалык жактан алып караганда, өлкөнүн өтө чоң мүмкүнчүлүктөрү бар, бирок ал мүмкүнчүлүктөр эч качан натыйжалуу пайдаланылган эмес. Өлкөнү жалгыз бир адам башкарып, ал эмне десе ошонун айтканындай болуп жаткандыктан, ошол мүмкүнчүлүктөр муз тоңгондой тоңуп турат. Өлкөдөгү экономикалык саясат кандай болушу керек экенин бир гана адам чечкени үчүн мына ушундай абал пайда болуп олтурат. Бир адам дегенибиз - азыркы президент. Ал өлкөнү чоң дүйнөдөн жапты. Ушундан улам Түркмөнстан азыр ар тараптан жабык өлкөгө айланып баратат. Мурдагы Союздун курамындагы жумуруяттардын ичинен эң эле демократиясыз өлкө болуп калды. Саясий укуктар башынан эле бузулган деп эсептейм.

Союз тарагандан кийин 3-4 жылга чейин өлкөдө сөз эркиндигине, саясий укуктарга, социалдык маселелерди козгогон коомдук талаш-тартыштарга жол берилип турган. Эми болсо мурда биринчи катчы болуп жүргөн азыркы президент бийликтин бардык тизгинин өз колуна алган. Азыр жеке ошонун гана саясаты жүрүп жатат деп эсептейм. Анткени, анын башкаруу ыкмасы кадыресе башкаруудан айрымаланат. Өлкөнү жеке бир адам башкарышы үчүн артыкчылыктуу багыттарга туура жол берилген эмес. Маселен, саясат башынан эле элди колдош үчүн эмес, тескерисинче, антисоциалдык сыяктанган мүнөздө жүргүзүлүп келатат. Президент тышкы соодадан түшкөн акчаны өлкөнүн борборун кайра курууга жумшаган.

Өзүн реформатор катары көрсөтүш үчүн Ниязов адегенде бардык мектептердин окуу программаларына англис тил сабагын киргизген эле. Бирок кийин аны да, орус тил сабагын да жоюп таштады. Азыр окуу жалаң гана түркмөн тилинде жүрүп калды. Ушунун айынан өлкөдөгү 300 миңдей орус тилдүү калк бир топ кыйынчылыкка дуушар болду. Алар эми окуй да албай, иштей да албай ара жолдо калышты. Өлкөдө кош жарандуулук жоюлганы үчүн көпчүлүгү көчүп кетүүгө аргасыз болуп атышат. Президент билим берүү тармагында улутчулдук саясат жүргүзүүдө деп эсептейм. Окуу-тарбия иштери жеке адамдын ысымына байланышкан идеологиянын негизинде жүргүзүлө баштаганы - анын бир далили. «Түркмөнстандын бактысына ушул президент гана жаралган, өлкөнү жалаң гана ушул президент гүлдөтө алат» деген маанидеги саясат ошол жаңы идеология аркылуу жүргүзүлүп жатканы түшүнүктүү нерсе. Бирок, анын натыйжасы кандай болду? Бара-бара билим берүү тармагынын деңгээли эң төмөнкү чекке түшүп кетти. Орто мектеп 9 жылдык болуп калды. Окуучуларга 9 жылда толук сабак өтүлбөйт. Алар жыл сайын 3 айлап пахта терүү менен алек болушат. Демек, андай болгондон кийин, алар 9 жыл эмес, 7 эле жыл окуп калышат. Ал эми студенттер болсо, 4 жылдык болуп калган университеттерде кесиптик билимден тышкары президенттин жарлыктарын, жүргүзүп жаткан саясатын окуу менен көбүрөөк алектенишет.


- «Түркмөнстанда опера жана балет театрлары жабылган, президент Сапармурат Ниязовдун «Рухнамэ» деп аталган китеби өлкөнүн бардык окуу жайларынын программасына киргизилген» деп айтышат. Бул тууралуу эмне деп айта аласың?

- Бул туура. Ал бул китепти жазгандан кийин аны башынан эле ыйык Куранга салыштыра башташты. Аны бардык расмий мааракелерде, салтанаттарда, майрамдарда ыйык китеп катары пайдаланууну эрежеге айландырышты. Кийинки учурларда президент бир жакка жөнөп баратса жүздөгөн адамдар топтолушуп, ырдап-бийлеп жатып узатышат. Эгер учакта учуп келсе, жүздөгөн кыздар казкатар тизилишип, ага таазим этип, аяк астына гүлдөрдү чача турган болушту. Ал болсо, министрлеринин алдында кадимки эле падышачасынан басып, эмне болуп жатканын түшүнбөй ырдап аткан кичинекей балдардын алдына келип, колдоруна АКШ долларларын карматат. Адамдар президенттин жасап жаткандарына ыраазы болуу белгиси катары анын китебин желек сыяктуу бийик көтөрүшөт. А чын-чынына келгенде алар муну өз ыктыяры менен жасашпайт, аларды «ушинткиле» деп мажбурлашат.

- Президенттин наамына алыстан туруп оппозициялык көз караштагы сын айтып жатканыңдан коркпойсуңбу? Ал жерде сенин жакын адамдарың, бир туугандарың жашап жатышат, аларга мунун зыяны тийбейби?

- Албетте, «үй-бүлөгө мындан бир зыян тийбесе экен» деп бардык эле адамдар коркушат. Менде деле «үй-бүлөмө кандайдыр-бир залал тийбесе экен» деген коркунуч жок эмес, бар. Бирок, мен азырынча оппозициялык көз караштагы активдүүлүккө умтулбайм. Режим көбүнчө өлкөнүн тышында бирин-серин болуп жүргөндөрдү эмес, өлкөнүн ичиндеги оппозициялык күчтөрдү көзөмөлдөөгө көбүрөөк басым жасайт. Себеби, азыркы режим үчүн өлкөнүн ичиндеги күчтөр коркунучтуу болуп саналат.
XS
SM
MD
LG