Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:41

МУКАР ЧОЛПОНБАЕВ: «КЫЗМАТТАН КЕТЭЭР-КЕТПЕСИН АСКАР АКАЕВ ӨЗҮ ЧЕЧЕ АЛБАЙ КАЛГАН»


Чолпон Орозобекова, Бишкек Мукар Чолпонбаев бир убакта Кыргызстандын юстиция министри болуп турган. Андан кийин «легендарлуу парламентте» депутат, эгемен Кыргызстандын биринчи постсоветтик кош палаталуу парламентинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы болду. Ал бир нече жылдан бери саясаттан баш тартып, адвокаттык жана окутуучулук ишке ыктап кетти. Бишкекте өзү негиздеген «Мукар жана профи» юридикалык мекемеси менен калкка кызмат көрсөтүүдө. Анын азыркы заманга карата көз карашын билиш үчүн айрым суроолор менен кайрылдык.

- Мукар мырза, соңку кезде мамлекеттин турмушуна аралашпай, саясаттан алыстап кеттиңиз. Учурда эмне менен алектенип атасыз?

- Кыргызстанды башкарып турган азыркы бийлик менен иштешким келбейт. Ошондуктан саясаттан да, бийлик чөйрөсүнөн да окчундадым. Бирок, коомдук турмуштан алыстаган жокмун. И. Арабаев атындагы университетте юридикалык кафедранын башчысы болуп иштеп атам. Ошондой эле сот системасын реформалоого, мыйзамдарды кабыл алууга өз сунуштарымды жазуу менен да салым кошуудамын. Адвокаттык кеңсе ачып алгам. Анда 11 адвокат иштеп атат.

- Убагында парламентте төрага элеңиз. Сөздү ушу багытта баштасак деп турам. Азыркы парламенттин дарамети кандай? Эмки парламентти кандай элестетесиз?

- Ар бир эл өзүнө татыктуу бийликти шайлайт. 1990-жылы шайланган «легендарлуу парламентке» өтө ыраазы болом. Элдин жүрөгүндөгү каалоосуна, «депутат болом» дегендердин эркине жана дараметине жараша шайлоо болгон. Бул парламент Кыргызстанга эгемендүүлүктү алып келди. Биринчи Конституцияны жана мамлекеттик символикаларды кабыл алды. Акыры мамлекет үчүн маанилүү көп иштерди бүтүрдү. Тилекке каршы, аткаруу бийлиги менен тил табыша албай калып, тарап кетти. Эгемен Кыргызстандын 1995-жылы шайланган биринчи парламенти да альтернативалуу негизде шайланган. Анда эл социализмден жыйналып калган колундагы байлыгын коротуп бүтө элек кез. Шайлоочулар ал кезде азыркыдай материалдык көз карандылыкка жете элек болчу. Ошондуктан бул парламент күчтүү болду жана аткаруу бийлигинин көзүн анчалык караган жок. Ал эми 2000-жылы шайланган парламентке көбүнчө бизнесмендер жана колунда мүлкү бар адамдар келишти. Албетте, алар болгон мүлкүн сактап калууга аракет кылышат. Колундагы байлыгын сактап калууга далалаттангандар аткаруу бийлигине сөзсүз көз каранды болушат. Болочок парламентке бизнесмендер азыркыдан да көп келет. Бул жеке менин эле божомолум эмес. Эл аралык байкоочулар деле ушуну айтып жатышат. Эмки шайлоодо жарды элдин добушун акчага сатып алышса да эптеп депутат болушат. Бизнесмендерден куралган парламент аткаруу бийлигине толук көз каранды болот. Себеби, салык инспекциясы айып салат, анын көзүн караш керек. Четтен алып келаткан товарын бажыканадан ийгиликтүү өткөрүш үчүн дагы жүгүнүшү керек. Акыры эмки парламент алсыз жана «Ак Үйдүн» оозун караган парламент болот деген коркунуч бар.

- Башмыйзамдын жаңы редакциясынан кийин кыргыз парламенти канчалык күчтөнө алды?

- Президенттен парламентке анча деле көп бийлик өткөн жок. Мисалы, өкмөттү шайлоодо макулдугун берет, бирок министрлерди эч качан жумуштан бошото албайт. Эгер өкмөттү шайлап атканда үч жолу катары менен тежиктенсе, анда өлкө башчысы парламентти таратууга укугу бар.

- Президентти «кетет» же «кетпейт» деп эле ар кандай боолголоп атышат, бул өңүттө кандай жоромолдоруңуз бар?

- Президент А. Акаев өзүнүн эркине койсо тактыдан кетип деле калышы мүмкүн. Бирок, тегерегинде айланчыктап жүргөндөр аны кетирбегенге аракет кылышы толук мүмкүн. Бийликтин даамын татып, чоң акырдан тамак жеп калгандар бүгүнкү мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырагысы келбейт. Анын оңой бир жолу бар. Анүчүн Кыргызстанда дагы бир референдум жарыяланат. Парламенттик республикага өтөбүз дагы, Аскар Акаев премьер-министр болот. Бирок, бүгүнкүдөн эч нерсе өзгөрбөйт. Менимче, азыр А. Акаев бийликте калабы же калбайбы - анын өзүнө байланыштуу болбой калды.

- Бир учурда «коррупциялык кылмышка тиешеси бар» деп сизге кылмыш иши козголду эле. Сотто өкүм чыкты, бирок камалган жоксуз. Ушул окуяны чечмелеп берсеңиз?

- Аткаруу бийлигиндеги айрым адамдардын өтө кызыгуусу менен 5 жыл бою артыман жүрүштү. Акыр Башкы прокуратурадан «3 миллион сомду уурдаганга Чолпонбаевдин катышы жок» деген токтом чыкты. Бирок дале болбой, ишти ар кандай токуп атып, акыры шарттуу түрдө соттошту. Бирок, ошол замат сот залынан эле мунапыс аркылуу бошотушту. Мындай болгон учурда мыйзамга ылайык мен соттолгон болуп эсептелбейм.

- Юстиция министри болдуңуз, депутат болдуңуз дегендей. Артта калган күндөргө сереп салып, баарын сыдырып карап чыкканда кандай ойлор келет экен?

- Мен өзүмчө ойлонуп отуруп ушундай бир ойго келем да. 22 жыл бою Коммунисттик партиянын мүчөсү болдум. Көрсө дилимде коммунист бойдон калыптырмын. Өмүр бою «мамлекетке жана элге кызмат кылыш керек» деп жүрө бериптирмин. Канча кызматтарда иштесем да өзүмө бир сомдук да мүлктү ыйгарбаптырмын. Убагында артыман түшүп жүргөндөр эмнем бар экенин бүт текшерип чыгышты. 1982-жылы прокуратурада иштеп турганымда берилген квартирам гана бар экен. Азыр болсо ким бай болсо, колунда бар болсо сыйга ээ болуп калбадыбы! Американын «эгер сен акылдуу болсо, анда эмнеге бай эмессиң» деген принциби бизге да жетпедиби.

- Бүгүнкү Кыргызстанды карап отуруп, трагедиябыз эмнеде деп ойлойсуз?

- Кыргызстандын бүгүнкү трагедиясы - коррупцияда. Эл аткаруу бийлигине да, мыйзам чыгаруу бийлгине да, сот бийлигине да ишенбейт. Себеби, баары коррупцияга малынган. Сот болуп иштеш үчүн пара беришет. Ошол акчасын кайра кайтарыш үчүн элдин чөнтөгүн кагышат. Жадагалса көчөдө «ала таякты» көтөрүп туруш үчүн да акча беришиң керек. Аткаруу бийлигинде да так ушундай коррупция. Аскар Акаев өзү «коррупция «Ак Үйдүн 7-кабатына жетти» дегенине толук кошулам.

- Коррупциянын гүлдөп атканында го талаш жок. Кептин баары ага каршы күрөш ооз жүзүндө болуп атканында да.

- Азыр коррупцияга каршы күрөш жарыяланга шарт жок. Эгер кайсы бир мамлекеттик кызматкерге каршы сөз айттың дегиче болду, артыңан түшүшөт. Сага каршы материал чогултулат, табылбай баратса бирдеме кылып токуй коюшаарына ишенем. Бул оңой эле нерсе экен. Канчалаган адамдар кайра акталып чыгып атат. Ал эми аларга кылмыш ишин козгоп камагандар эч качан айыбын тартпайт. Ал эми соттор болсо эч нерсеге карабайт, канча жылга болсо да кесип жиберип отуруп калышат.
XS
SM
MD
LG