Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:29

ЕККУнун КӨМӨГҮ МЕНЕН КЫРГЫЗ МИЛИЦИЯСЫ ҮЧҮН АТАЙЫН ЖАБДУУЛАР САТЫЛЫП АЛЫНАТ


Бакыт Аманбаев, Бишкек 7-августта ЕККУнун Кыргызстандагы борборунун башчысы Айдын Идил менен Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев өлкөнүн Иштер министрлигине бере турган ЕККУнун жардамы тууралуу меморандумга кол коюшту. ЕККУнун кыргыз милициясына массалык баш-аламандыктар көзөмөлдөн чыккан учурда колдонуучу атайын жабдууларды берүү боюнча планына айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана укук коргоочулар каршы болуп жатышат.

ЕККУнун Кыргызстандагы борборунан алынган маалыматка караганда, программа кыргыз өкмөтүнүн өтүнүчүнө ылайык ишке ашырылууда. Мындай иш-чараны турмушка ашырыш үчүн ЕККУ менен кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү 2002-жылдын октябрь айынан тартып чогуу иш жүргүзүштү. Кыргызстандын ички иштер министринин биринчи орун басары Расулберди Раимбердиевдин айтымында, бул программа боюнча ЕККУ Кыргызстандын Ички иштер министрлигин реформалоо максатында жалпы суммасы 3 миллион 600 миң евролук техникалык жардам берүүдө. Берилген жардам Ички иштер министрлигинин академиясынын ишин жакшыртуу, тартип коргоо кызматкерлеринин билимин көтөрүү, эл менен милициянын ортосундагы байланышты чыңдоо, массалык баш-аламандыктардын алдын алуу сыяктуу сегиз багытта жумшалат.

«Азаттыктан» мурда кабарлангандай, өлкөдөгү айрым бейөкмөт уюмдар, укук коргоочулар, оппозиция өкүлдөрү, ар түрдүү нааразылык акцияларын басууда кыргыз милициясына керектүү жарак-жабдыктардын берилишине каршы болуп жатышат. Алар бул максатта жумшалуучу 1 млн. доллар каражатты массалык баш-аламандыктарды басууга ылайыкталган, адамды өлтүрбөй турган курал-жарактарды сатып алууга эмес, ИИМдин башка иштерине жумшоону талап кылышууда.

Шаршемби күнү өткөн маалымат жыйынында ички иштер министринин биринчи орун басары Расулберди Раимбердиев «берилип жаткан жардамга кыргыз милициясына эч кандай курал-жарак сатылбайт» деген пикирин айтты:

- Бул программанын башкы багыты - министрликтин кызматкерлеринин коомчулук менен байланышын чыңдоо, коомдо ар кандай карама-каршылыктарды болтурбаш үчүн алардын билим деңгээлин жогорулатуу, аларды окутуу.

Ушундай эле пикирди маалымат жыйынында ЕККУнун төрагасынын полиция кызматы боюнча кеңешчиси Ричарда Монк да колдоду:

- Программанын эч жеринде суу чачуучу атайын курал тууралуу айтылган эмес. Ошондой эле программада айрым массалык маалымат каражаттарында жазылгандай «кишини жабыркаткан куралдарды сатып алуу» тууралуу жазылган жок.

Бул маалымат жыйынынан соң Ричард Монктон «Кыргыз милициясы үчүн кандай жарак-жабдыктар сатылып алынат?» деп сурадык.

- Бул программада ар кандай карама-каршылыктардын алдын алуучу, массалык баш-аламандыкты көзөмөлдөөгө мүмкүн болбой калган учурда колдонулуучу жабдуулардын айрым түрлөрү бар. Буга чейин полиция өкүлдөрү тартип коргоо органдарынын муктаждыгын иликтеген учурда алардын массалык баш-аламандык учурунда курулай кыйкырыктан башка эч куралы жок экендигин аныкташкан. Мындай жабдуулар массалык баш-аламандыктар чектен чыгып бараткан учурда гана колдонулат, - деп жооп берди Ричард Монк. Бирок ал программага ылайык кыргыз милициясына кандай жабдуулар берилээрин так айтуудан баш тартты.

Ошентип, ЕККУнун программасынын алкагында кыргыз милициясына сейрек учурда колдонулуучу айрым жабдуулар берилээри айкын болду. Кыргызстандагы «Жарандык коом корупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилованын айтымында, кыргызстандык укук коргоочулар кыргыз милициясына мындай жабдуулардын берилишине каршылык көрсөтүүнү мындан ары да уланта беришмекчи.
XS
SM
MD
LG