Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

КЫРГЫЗ АЯЛДАРЫ: ЗӨӨКҮР ЗАМАНДЫН КОРДУГУ


Үй-бүлөдө ыр-чыр көбөйүп, аялдар менен балдардын жабыр чегишине жалаң гана жумушсуздук менен аракечтик себеп болбой, көпчүлүк эркектердин кожоюндук көр сокурлугу, үй-бүлө алдындагы, кош бойлуу аялы көтөрүп жүргөн түйүлдүк алдындагы жоопкерсиздиги, түркөйлүгү, мыкаачылыгы, адамкерчиликсиздиги да себеп болгон учурлар көбөйдү.

Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы Бишкектеги республикалык «Сезим» кризистик борборунун кызматкери Сүйүн Курманова мындай дейт:

- Биздин борборго ар кандай шартта кыйынчылыктарга кабылган, күйөөлөрүнөн токмок жеп көгала болгон аялдар, алардын ичинде кош бойлуулары да кайрылган учурлар көп. Мына, жакында бир кош бойлуу келин кайрылды. Апасы өлүп, апасынын зыйнатына барып, кайра келсе, күйөөсү үч баласынын үстүнө башка аялды кийирип алган. Кош бойлуу келин дооматын койгондо, «сен үйдөгү акчаны апаңа барып жок кылдың» деп уруп-сабап, өз үйүнөн кууп чыккан. Кош бойлуу келин базарда соода кылчу экен, «үйдү талашчу болсоң өлтүрүп кетем» деп базарда уруп-сабап, сатып отурган товарларын талкалаган. Байкуш келин төрөр-төрөгөнчө бир үйүнө чуркап, бир сотко чуркап жүрүп азап чекти.

- Келин сотко кайрылдыбы?

- Азыр бизде соттор чөнтөк менен мамиле кылышат. Ары-бери чуркаганга, адвокат жалдаганга акча керек. Ага жетерлик акчасы болбосо, иш жабырлануучунун кызыкчылыгына чечилбейт. Канчалаган аялдар күйөөлөрүнөн токмок жеп, денелеринен жаракат алып, ооруканаларга кайрылууга аргасыз болушат.

Бул маселе боюнча шаардагы № 4-оорукананын нейрохирургиялык бөлүмүнүн башчысы Мукамбетөмүров Бектемир Курманалиевич мындай деди:

- Биздин бөлүмдө негизинен башынан, моюн-омурткаларынан, кабыргаларынан жаракат алгандар жатышат. Күйөөлөрүнүн колунан таяк жеп жаткан аялдар да бар. Жылына бөлүмгө күйөөлөрүнүн зомбулугунан жабырланып 50-60 аял келип жатат. Боюнда барлардан да бир-экөө түшөт.

Бул ооруканада нейрохирургиялык 2-бөлүм жана хирургия бөлүмдөрү бар. Күйөөлөрүнөн токмок жеп ал бөлүмдөргө кайрылган аялдар да арбын экен. Күйөөсү сабап, ооруканага жатып калган келиндин сөзү бул:

- Башыман катуу жаракат алгам. Башым айланып турат. Ордуман жакшы туруп баса албайм.

- Күйөөң сени эмнеге сабады?

- Эч себеби жок. Уктап жаткан жеримен тургузуп алып сабады. Себебин да түшүнгөнүм жок. Ооруканада эсиме келдим.

Бул келиндер катуу жаракат алып, өздөрү айткандай эстеринен танып калып кайрылгандар. Эч жакка кайрылбай, ичтеринен сызып көтөрүп жүргөндөрү канча…

Кайрадан «Сезим» кризистик борборунун кызматкери Сүйүн Курмановага суроо салдык.

- Сиздердин борборго көбүнчө кайсы улуттагы кыз-келиндер кайрылышат?

- Өзүбүздүн эле кыргыздын кыз-келиндери көп кайрылышат. Көбүнчө элет жеринен келгендер. Мына төрөгөнү калып, жатарга жери жок болуп кыйналган кыз-келиндер кайрылышат. Тукум улоо, тукумдун тазалыгын сактоо жана анын эртеңи үчүн жоопкерчилик көпчүлүк эркектердин эсинен чыгып баратат. Баланын эртеңи, келечеги үчүн кам көрүүнү ойлошпойт.

XS
SM
MD
LG