Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:15

КАЗАКСТАН ДҮЙНӨЛҮК СООДА УЮМУНУН ЭШИГИНДЕ КЕЗЕК КҮТҮҮДӨ


Дүйнөлүк Соода Уюмуна өтүү Казакстан үчүн өтө маанилүү. Жакында премьер-министр Даниял Ахметов: “Дүйнөлүк Соода уюмуна өтүү-биздин өкмөттүн башкы максаты. Эл аралык уюмга кошулуу экономикалык реформаларды ылдамдатууга түрткү болот”, - деп жарыялаган. Дүйнөлүк Соода Уюмунун жетекчилиги да ушундай көз карашта.

Мурдакы советтик республикалардын жетөөсү: Армения, Эстония, Грузия, Латвия, Литва, Молдова жана Кыргызстан Дүйнөлүк Соода Уюмуна, (кыскача аталышы – ДСУ) мүчө. Уюмга сегизинчи болуп өтүү - Казакстандын негизги максаты.

Республиканын монополияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттигинин орун басар төрагасы Жаннат Эртилесова анын себебин мындай деп түшүндүрөт:

- ,Биздин үлкөн соода өнөгүбүз Россия ДСУга өтүүгө өтө жакын турат. Эгер Россия уюмга Казакстандан мурда кошулса, анда Казакстан үчүн пайда алып келбесине мен экономист катары ишенем.

Россиянын премьер-министри Николай Касьянов өткөн айда айтканга караганда, өлкөнүн ДСУга өтүүсү боюнча сүйлөшүүлөрү соңуна чыкканы калган.

ДСУнун баш кеңсесинин басма сөз өкүлү Жозеп Боштун Казакстан-ДСУ ортосундагы сүйлөшүүнүн жүрүшү тууралуу пикирин уксак:

- Казакстандын өкмөтү сүйлөшүүлөрдү тездетүүгө жана мүмкүн болушунча эртерээк ДСУга мүчө болууга ынтызарлыгын билдирди. Өткөн айда болгон жумушчу кездешүүдө да, Казак тарап сүйлөшүүлөрдү улантууга кызыкдар экенин көрсөттү... Албетте, ДСУга мүчө болуу боюнча сүйлөшүүлөр көбүнесе экономикалык реформа менен колмо-кол жүрүүдө...

Казакстан, Дүйнөлүк Соода Уюмунун талабына ылайык, соода, бажы, чет элдик компанияларга лицензия берүү, чет жердик капиталды, ошондой эле интеллектуалдык менчикти коргоо жөнүндөгү мыйзамдарын өзгөртүүгө тийиш.

“Бул иштер аткарылса, - дейт Бош мырза. - Казакстандык импорттук-экспорттук мүмкүнчүлүктөрү кеңейт.”

Лондондогу “Экономист Интеллижент Юнит” изилдөө борборунун талдоочусу Дафне Тер-Закарян айымдын айтышынча, Казакстан ДСУга кирүүдөн коңшулаш Кыргызстан сыяктуу көп деле пайда таппайт.
Кыргызстан Дүйнөлүк Соода Уюмуна 1998-жылы кабыл алынган.
Айрым талдоочулар дүйнөлүк уюмга өтүү менен Казакстандын экономикасы дүркүрөп өсүп кетпейт дешет! Эмне үчүн? Сөз Тер-Закарян айымда:

- Борбор Азиянын базары чет өлкөлөрдөн өтө эле бөлүнүп турат. Алар ортосунда өз ара соодага бөгөт койгон көп сандаган бейрасмий тоскоолдуктар бар. Географиялык шартка байланыштуу алар ич ара гана соодалаша алат; бул өлкөлөр эркин жана ачык болбогондуктан, алар менен соодалашуу татаал. Алар ДСУнун стандартын ырасмий түрдө аткарса да, иш жүзүндө бажы кызматындагы коррупция менен мыйзамсыз соода дагы узакка кала берет...

Тер-Закарян ошондой эле Казакстандын мунай жана металлургия тармагынан башка секторлору жакшы өнүкпөгөн деп эсептейт.

Казак парламентинин Экономика, финансы жана бюджетти пландоо комитетинин мүчөсү Барберген Досмамбетовдун пикиринче, жергиликтүү ишканалар атаандаштыктан коркпос үчүн эки-үч жыл аралыгында өнөр жай товарларынын сапатын жакшыртуусу зарыл.

- Биздин товарлар өзүнүн сапаты жана баасы жагынан ушу тушта чет элдик товарлар менен атаандаша албайт. Биздин оюбузча, андай деңгээлге жетүү үчүн бизге кеминде 2 жыл керек. Биздин товарлардын сапатын жакшыртпастан туруп, ДСУга кошулуу бизге пайда жана артыкчылык бербей эле, тескерисинче, көптөгөн түйшүктү алып келип, иренжитет.

Кээ бир байкоочулар Казакстан президент Назарбаев жана анын жакын адамдарынын Батыштын мунай компанияларынан пара алганы ашкере болгондо эл аралык коомчулук алдында жоготкон кадыр-баркын көтөрүү үчүн ДСУга өтүүгө далалат кылууда деген да пикирде.
XS
SM
MD
LG