Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:44

БАГДАДДАГЫ ЖАРДЫРУУ ЖАНА ИРАКТАГЫ АКЫРКЫ ОКУЯЛАР


Нарын АЙЫП, Прага 7-августта Багдад шаарында Иорданиянын элчилиги алдында машине жарылып, ондон ашык адам курман болду. Буга чейин Иракта башка арабдарга каршы эч аракет көрүлгөн эмес. Өлкөнүн ар башка аймактарында куралдуу кагылышуулар дагы эле орун алууда жана америкалык аскерлер арасында акыркы беш күндө күнүгө жоготуулар бар. Аны менен катар, мурдагы президент Саддам Хусейнди колдогон улам жаңы куралчандар да кармалууда.

Багдаддагы Иордания элчилигинин алдындагы жардыруу кечээ күндүзгү саат он бирдин тегерегинде болду жана имараттын ичинде ал кезде отузга жакын киши бар болчу. Жарылуудан элчиликтин бир дубалы толугу менен кыйрап түштү жана 11 адам курман болуп, алтымышка жакын киши жарат алды. Алардын көпчүлүгү - көчөдө өтүп бараткан адамдар болду, элчикананын кызматкерлери арасынан эч ким өлгөн жок, бирок жараат алгандар бар. Консул Карим Шушан жарадар болуп, азыр ооруканада. Теракт ишке ашырылган учурда элчи Дамай Хаддад имараттын ичинде болгон эмес.

Америкалык генерал Рикардо Санчестин айтымында, курман болгон адамдардын саны боюнча бул теракт - Ирактагы аскерий эмес буталарга жасалган эң ири чабуул:

- Аскерий эмес буталарга акыркы апталарда бир топ коркунучтуу чабуул болду. Мисал үчүн, бир нече өкмөттүк эмес уюмдарга кол салынды жана адамдар өлдү. Бирок курман болгондордун жалпы саны боюнча, бул теракт алардын эң ириси.

Теракт үчүн жоопкерчиликти өзүнө азырынча эч ким ала элек, иордан жетекчилиги анын уюштуруучуларын айыптады, бирок Ирак элине Иордания жардам көрсөтүүсүн уланта берээрин билдирди. Бул кошуна мамлекет Ирактын негизги соода кардары жана Багдадка абдан көп гуманитардык жардам көргөзөт. Бирок Кувейт маселеси боюнча Иордания АКШны колдоп, Иракка каршы чыккандыктан, ирактыктар аны көп жакшы көрбөйт, ошондуктан, кээ бир эксперттердин пикиринде, жардырууну мурдагы президент Саддам Хусейндин жактоочулары уюштурушу мүмкүн. Теракттан кийин элчиликтин ичине бир нече адам кирип, дубалдарда илинип турган иордан падышасынын сүрөттөрүн жерге ыргытып, аларды тебелеген.

Анткен менен, Иорданиянын падышасы Абдалла мындан бир апта мурда Саддамдын эки кызы Рагд жана Рана менен алардын балдарына баш калка берди. Экөөнүн тең күйөлөрү мындан бир нече жыл мурда Ирактан Йорданияга качкан, бирок 1996-жылы Саддам аларды алдап кайрадан Багдадка чакыртып алып, мууздатып салган. Саддам өзү азыр кайда экени белгисиз, бирок акыркы апталарда кээ бир араб үналгы-сыналгы түйүндөрү анын үнүн угузуп калат жана мурдагы президент ирак элине кайрылып, америкалык баскынчыларга каршы күрөшүүгө чакырып келет.

Элчиликтин жанында жардыруу болгон күнү Иракта дагы эки америкалык аскер курман болду.Согуш аяктагандан кийин өлкөдө өлтүрүлгөн америкалыктардын жалпы саны элүү бешке жетти. 1-майда согуш аяктады деп жарыялангандан кийин, ага кошумча дагы 62 америкалык жаран Иракта ар башка кырсыктардан каза тапты. "Ройтерс" агенттиги 7-августта жарыялаган маалымат боюнча, Ирак согушу учурунда аскерий салгылашууларда 169 америкалык аскер курман болгон жана дагы 84 америкалык атуул башка шарттарда өлгөн.

7-август күнү жүзгө жакын америкалык солдат Тикрит шаарындагы бир жатакананы курчап, андан 39 кишини кармап чыкты. Кийин алардын көпчүлүгү эскертүү алып бошоду, бирок америкалык генерал Стив Расселдин айтымында, кармалгандардын ичинде эл арасында "Аска" деген ат менен белгилүү болгон жана акыркы чабуулдарды уюштурган адам бар.

XS
SM
MD
LG