Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:22

ТҮРК ӨКМӨТҮ ИРАККА АСКЕР ЖИБЕРҮҮ МАСЕЛЕСИНДЕ ПРЕЗИДЕНТ МЕНЕН АРМИЯ ЖЕТЕКЧИЛИГИНИН КОЛДООСУНА ЫНТЫЗАР


Аким Өзгөн, Измир, Түркия. Түркиянын өкмөтү Ирактагы бейпилдик күчтөрүнө аскер жиберүү маселесин АКШ менен болгон өз-ара келишимдин алкагында кыска аралыкта чечиш үчүн тийиштүү иш чараларды көрүп жаткан учурда, Түндүк Иракта бекинип жүргөн күрт марксист-террорчуларына карата жарыяланган шарттуу мунапыс күчкө кирип, алгачкы жемишин бере баштады.

Түркиянын Иракка аскер жиберүү маселеси ырасмий Анкаранын күн тартибинде артыкчылыктуу орунду ээлеп, өкмөт март айында болгон өңдүү дагы бир жолу оңтойсуз абалда калбас үчүн, бул маселени чечүүдө кылдат саясат жүргүзүп жаткандыгы байкалат. Бул суроону демейдеги бир маселе эмес, мамлекеттик мааниси чоң көйгөй катары чечүү максатында өкмөт шейшемби күнү премьер-министрдин жетекчилиги астында армиянын башкы-штабы, тышкы иштер министрлиги жана Улуттук чалгындоо башкармасынын жетекчилери катышкан чукул жыйын өткөрдү. Жыйында Иракка аскер жиберилүүсү тууралуу келишимге жетишилип, аны президенттин жактыруусуна сунуш этүү жагы каралды. Ошентип, бул орчундуу маселе өкүмөттүк деңгээлден мамлекеттик деңгээлге көтөрүлүп, өкмөт келечекте өзүнө каршы коюлуусу мүмкүн ар кандай айыптоолордон кутулууга мүмкүнчүлүк тапмакчы.

Белгилүү болгондой, өкмөт согуш башталаар кезде америкалык аскерлердин Түркиянын аймагынан өтүп, Саддам Хусейинге каршы түндүктөн фронт ачуусуна парламентти көндүрө албай, бир жагынан АКШнын алдында, экинчи жагынан өлкөдө оңтойсуз абалга туш келген эле.

Шейшемби күнкү отурум учурунда, жергиликтүү басма сөздөрдүн маалымдашына караганда, Иракка аскер жиберүү маселеси бардык өңүттөрдөн талдоого алынып, бул үчүн төмөндөгү 4 шартты коюу жөнүндө орток тил табылган: Биринчиден, Түркиянын тек гана коопсуздук чөйрөсүндө эмес, Ирактагы саясий кайра куруу жарайанында дагы сөз айтуу укугуна ээ болуусу керек; экинчиден, ПКК аталган күрт терорист тобун талкалабай туруп Багдатка аскер жиберүүгө болбойт; үчүнчүдөн, түрк аскерлерин Ирактагы башкаруучу кеңеш чакыруусу керек, жана соңкусу, бул иш үчүн Түркия аймактагы башка өлкөлөрдү да көндүрүүсү ылайыктуу болот.

Тышкы иштер министри Абдулла Гүл Түркиянын Иракка аскер жиберүүсүн баарынан мурда Ирак калкына жардам берүү, туруктуулукту калыбына келтирүү жана Ирак элинин керектөөлөрүн камсыздоо ишине көмөктөшүү деген максаттар менен түшүнүү керек экендигин айтып, анысы менен, Түркия бул өлкөгө аскер жиберсе, согуш үчүн эмес, тынчтыкка үлүшүн кошуу максатында гана жибере тургандыгын ишендиргиси келди. Бирок, ойдогу максатты турмуштун чындыгы жеңип кетеби? Муну аскерлер ал жерге жайгашкандан кийин гана билүүгө болот.

Ал эми ПКК террор тобуна келгенде, ырасмый Анкара кандайдыр бир бүтүм чыгараардан алдын АКШнын бул тууралуу берген убадасынын аткарылышын күтүүгө чечкиндүү экендиги байкалат. Белгилүү болгондой, АКШ эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө Түндүк Иракта жайгашкан террорчу топту бирдиктүү иш-чаралар менен жоюу жөнүндө убада берген болуучу. Түркия мунун алгачкы кадамы иретинде куралын таштап, өз ыктыяры менен багынып берген террорчуларды кечирүү жөнүндө мыйзам кабыл алды. Соңку 2 күндүн ичинде 100дөй террорчу алты айлык мөөнөткө жарыяланган бул мунапыстан пайдаланып, багынып берген. Бул шарттуу мунапыс ПККнын жогорку деңгээлдеги жолбашчыларын камтыбагандыктан, алар кийинки мезгилде Түркияга каршы террордук иш-аракетин күчөтүп келе жатышат.

Ал эми, соңку шарттын алкагында Иракка аскер жиберүү тууралуу региондогу башка араб мамлекеттерин көндүрүш максатында, жакын аралыкта түрк тышкы иштер министри же өкмөт башчысынын өзү региондогу өлкөлөргө карай сапарга аттана тургандыгы билдирилди.

Айтор, “Адилеттик жана өнүгүү” партиясынын башкаруусундагы өкмөт бул маселеге карата өтө кылдат мамиле жасап жатат. Бирок, өкмөттүн алдындагы кошумча түйшүк, бул - АКШнын бул тууралуу чечимдин тез аралыкта бекитилишин талап кылышы. Парламенттин август айынан тартып, эки айлык эс алуу мезгили башталды. Ал эми алдыбыздагы айдын башында эле АКШнын Европадагы куралдуу күчтөрүнүн аскер башчысы генерал Жеймс Жоунс дагы бир жолу Анкарага келип, бул маселени кайра көтөрүп чыгуусу күтүлүүдө.

Экинчи жактан, эс алуудагы парламентти чукул жыйылышка чакырыш үчүн өкмөт баарынан мурда өзүнүн партиясынын катарындагы депутаттарды көндүрүүсү зарыл. Оппозициядагы Жумурийат Калк партиясы болсо аскер жиберилүүсүнө караманча каршы экенин алдын ала билдирген. Анын басма сөз өкүлү, бүгүнкү чыгып сүйлөөсүндө, Ирактагы империалисттик күчтөргө жардам бериш үчүн Түркиянын Иракка аскер жиберүүгө партия макул болбой тургандыгын айтты.

Кыскасы, өкмөт өзүнүн келечеги, атүгүл өлкөнүн келечеги менен байланыштуу тарыхый бир сыноодон өткөнү турат. Ошондуктан ал бул маселени чечүү милдетин өзү гана аркалабай, ага мамлекеттин жогорку мекемелерин, атап айтсак, аскерлерди жана президентти да тартып, жоопкерчиликти тең бөлүшүүнү көздөөдө.
XS
SM
MD
LG