Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТАГЫ ЖАҢЫ ЖААТТАШУУЛАР


Тел-Авивдик гезиттер маалымдагандай, Израилдин премьер-министри Ариэл Шарон Иордандын батыш жээгине жаңы жөөт үй-бүлөлөрүн көчүрүш үчүн 95 млн долларлык планды жактырды. Перс булуңундагы өлкөлөргө сапарга аттанган Палестинанын өкмөт башчысы Махмуд Аббастын Кувейттеги визити кийинкиге жылдырылды.

Жума күнү Тел-Авивде чыгуучу "Маарив" гезити Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон Иордандын батыш жээгине жаңы жөөт үй-бүлөлөрүн отурукташтыруу боюнча планды колдогонун жазып чыкты. "2000-жылдын сентябрь айынан тартып жанданган жөөт-палестин кагылышууларынан бери бул аймактардагы жөөт кыштактарынын 3000ге чукул калкы болжол менен 15%га кыскарган. Эми Израил өкмөтү куралдуу касташуудан качкан андай көчмөндөрдүн ордун толтуруш үчүн Иордандын батыш жээгине барып жашоого жөөттөрдүн жаш үй-бүлөлөрүн үгүттөйт", - деп айтылат "Мааривдеги" макалада. Бул иш-чарага мамлекеттик казнадан 95 млн доллар бөлүштүрүлүп, каражат көчүп келген жаштарды бекер үй-жай менен камсыздоо, билим алуусун жеңилдетүүгө жумшалмакчы.


АКШ башкы демилгечиси болгон "Жол картасы" аттуу тынчтык планы боюнча Израил Иордандын батыш жээги менен Газа секторунда жөөт маалаларын жайылтууну токтотуп, буга чейин пайда болгон кыштактарды катуу чектемек. "Маарив" гезити маалымдагандай, Израил өкмөтү биротоло беките элек жаңы план Иордан өрөөнүнө жөөттөрдү отурукташтыруу аркылуу өлкөнүн коопсуздугун бекемдөөнү көздөйт. Макалада айтылгандай, жакында франциялык жөөттөрдүн 60 адамдан турган тобу Иордандын батыш жээгиндеги жөөт айылдарына жайгаштырылды.


Азырынча Тел-Авивде жарыяланган бул жаңылыкка карата Израиль өкмөтү, же Палестин администрациясы тарабынан комментарий, көз караштар айтыла элек. Бейшембиде Израилдин түрмөлөрүнөн бошотулган жүздөгөн туткундарды куттуктаган палестин лидери Ясир Арафат Тел-Авив камактагы бардык палестиндер менен арабдарды эркиндикке чыгарышы керек деп белгиледи:

- Камактан бошотулгандардын баарын куттуктайм, бирок өзүңүздөргө маалым болгондой, бул - иштин башталышы гана. Израиль чынында мындан алда канча көп адамды бошотууга тийиш, анткени ал буга чейин миңдеген палестиндерди камаса, эми да күн сайын жаңы адамдарды кармап кетүүдө. Биз бардык палестин жана араб туткундарын бошотууну суранабыз.


Бейшембиде Сауд Арабиясына сапарлап барган Палестинанын премьер-министри Махмуд Аббастын Кувейтке белгиленген визити белгисиз мөөнөткө кийинкиге жылдырылды. Аббас Палестинанын өкмөт башчысы катары Перс булуңундагы өлкөлөрдү алгачкы ирет кыдырууда. Анын жолундагы өлкөлөр арасынан Кувейт өзгөчө мааниге ээ болчу, анткени 90-жылы Ирак коңшулаш Кувейтке кол салганда, палестин жетекчилиги Саддам Хусейнге колдоо көрсөткөндөн тарта эки өлкөнүн мамилелери кескин начарлап кеткен бойдон. Ирактын жети айлык оккупациясы АКШ баштаган коалициянын Кувейтти бошотуусу менен аяктаган, Кувейттин жетекчилиги ошондон тарта палестин лидери Ясир Арафат жана анын кеңешчилери менен карым-катнашын үзгөн болчу. Байкоочулар бул ирет да Махмуд Аббастын визити Кувейттин демилгеси боюнча токтотулган болуу керек деп болжолдошууда.


"Ассошэйтед пресс" кабар агенттиги жума күнү Израиль аскерлери палестиндердин Наблус калаасынын четиндеги качкындар лагеринде рейд өткөрүп, ортодо куралдуу кагылышуу орун алганын маалымдады.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG