Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Англикандык чиркөө чоң жыйын чакырууда


Англикан чиркөөсүнүн рухий лидери, Кентербериялык архиепископ Роуэн Уилиямс гомосексуалдык байланыштары байкалган диний ишмерлерге диний даража ыйгаруу маселесин чечүү максатында атайын жыйын өткөрүүнү чечти. Октябрь айында Лондондо өткөрүлө турган жыйынга Англикан чиркөөсүнүн жогорку диний жетекчилери чакырылат. Англикан чиркөөсүндөгү ажырым АКШнын Нью-Гемпшир штатында гомосексуал диний ишмерге епископ даражасы ыйгарылгандан кийин башталган. Чиркөөнүн бир бөлүгү муну колдосо, экинчи бөлүгү каршы чыгууда. Дүйнө жүзү боюнча Англикан чиркөөсүнүн 70 млндой тарапкери бар. Алар негизинен англосаксондук мамлекеттерде жашашат.

XS
SM
MD
LG