Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:32

Өлүм жазасына тартылган адамдын адвокаттары апелляциялык арыз даярдоодо


Индонезиянын Бали аралында былтыр болгон террордук актыны аткарган деп айыпталып, бейшембиде сот тарабынан өлүм жазасына тартылган Амрози бин Нурхасиямдын актоочулары апелляциялык арыз жазарын билдиришти. Адвокаттын айтымында, Амрози бин Нурхасияма Балидеги жардырууну уюштуруучулардан болгон эмес. Өлүм жазасына тартылган Нурхасияма адегенде апелляциялык арыз берүүнүн кажети жоктугун, курмандыкка барууга даярдыгын билдирип, бирок кийинчерээк адвокаттары даярдаган арызга кол коюп берген. Балидеги жардыруу боюнча сот өкүмү жарыялангандан эки күн мурда Индонезияда дагы бир жардыруу орун алып, андан 10 адам набыт болуп, 150дөн ашуун киши жаракат алышты. Индонезиянын полициясы билдиргендей, бул жардырууну жасаган жан кечти -«Жамия Исламия» тобунун мүчөсү, 28 жаштагы Асман Латинсани экендиги аныкталды. «Жамия Исламия» уюму Усама бин Ладендин «Ал-Каидасы» менен байланышы бар деп шектелет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG