Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:36

Нарын АЙЫП, Прага Ирак согушу аяктады деп жарыялангандан кийин дагы өлкөдө куралдуу кагалышуулар уланып, 1-майдан бери Иракта 55 америкалык аскер окко учуп, дагы 62 америкалык жаран ар башка кырсыктардан курман болду. Аны менен катар карапайым калк арасындагы америкалыктарга каршы маанай улам өсүүдө жана АКШ жетекчилиги өз тактикасын кантип өзгөртүү маселесин караштырууда.

Албетте, америкалык аскерлер Ирактан чыгарылып кетпейт, анткенде өлкөдө ич-ара согуш башталышы мүмкүн. Бирок алардын тактикасы өзгөрүлүүгө тийиш. АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл 7-августта америкалык аскерлерге кайрылып, кээ бир жергиликтүү коопсуздук маселелерин чечүүгө жергиликтүү бийлик жана ирактыктар арасынан түзүлгөн коопсуздук кызматтары тартылганы жакшы деп билдирди.

Америкалык аскерий жетекчиликтин айтымында дагы, оккупациялык аскерлер эми кээ бир тынч шаар-аймактардан чыгарылып, ал жерлердеги коопсуздук жана тартипти камсыздоо иштерин жергиликтүү кызматтарга жүктөп, өздөрү - мурдагы президент Саддам Хусейнди кармоо жана БААС партиясынын аскерий түзүлүштөрүнүн калдыктарын жок кылуу маселелерине көбүрөөк көңүл бурууга өтөт.

Анткен менен, Саддам кармалып же өлтүрүлсө эле, Ирактагы абал кескин оңолот деп күтүү кыйын. Бир топ эксперттердин пикиринде, америкалыктарга каршы Ирак элинин арасындагы маанайдын пайда болгонунун себептери терең. Апрел айында америкалык аскерлер Багдадка киргенде, эл аларды гүл менен тосуп, аянттардагы Саддамдын эстеликтерин кулаткан. Бирок карапайым ирактыктардын да, дүйнөлүк коомчулуктун дагы көңүлү - Багдад шаарындагы музей-китепканалар каракталганда алгачкы жолу иренжиген. Мурдагы бийлик жоголоору менен баа жеткис тарыхый эстеликтерди кылмышкерлер карактап-уурдап жатканда, шаарга кирген америкалык аскерлер аны камырабай карап турганы сыналгы аркылуу көрсөтүлгөндө - бул келгиндер үчүн жергиликтүү маданият жана тарых өтө алыс жана чочун экени билинген.

Лондондо чыгуучу "Таймс" гезитинин журналисти Дэниел Макгроринин пикиринде, антиамерикалык маанай ушундай деңгээлден башталат:

"Менин оюмча, америкалыктар абдан көп ката кетирди жана аны менен көп душман күтүп алды. Аларга каршы ок аткандын баарын америкалыктар - мурдагы бийликти жактагандардын калдыктары же диний экстремисттер деп атайт. Чындыгында андай эмес. Азыр Иракта америкалыктарга каршы ар башка топтор пайда болууда жана көчөдөгү карапайым адамдардан сурасаңыз, андай каршы болгондор - апрелде америкалыктарды куттуктап тосуп чыккандар экенин түшүнөсүз. Аларда ал кезде үмүт бар болчу, бирок америкалык аскерлердин күнүмдүк аракеттери жана жүрүм-туруму карапайым элди аларга каршы бурууда. Коопсуздуктун жоктугу, тартип орной электиги, кээ бир учурларда оройлук элдин кеңири катмарларын америкалыктардан алыстатып, алардан бөлүп жатат".

Албетте, куралчан согушкандардын арасында - мурдагы бийликтин жактоочулары да аз эмес, бирок маселе - көчөлөр каракчыларга толгон кезде ар бир адам үйүнө курал алып кармап, өзүн өзү коргоого мажбур болгондукта. Жаңы бийлик кадимки тартипти орното албай жатканда жана америкалык солдаттар кээде диний түзүлүштөрдүн имараттарын ээлеп алып же демонстрацияга чогулгандарга каршы ок атканда, алар куралдуу адамдардын душманына айланууда. Башаламандык учурда ар бир майда кер айтышуу же көңүл калуу маселеси курал менен чечилип калат.

Эл аралык коомчулуктун пикирин эске албай Ирак согушун баштаган америкалыктар - согуштан кийинки абалга көп даярдык көргөн эмес. Эл арасындагы азыркы терс маанайды оң жакка буруу үчүн, эң биринчи кезекте өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылып, тартип орнотуу керек.
XS
SM
MD
LG