Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:06

Жогорку сот дүйшөмбүгө белгиленген «Ар намыс» партиясынын башчысы Феликс Куловго байланыштуу арызды кароону белгисиз мөөнөткө кийинкиге жылдырды. Бирок, бул маселеге байланыштуу кандайдыр бир маалымат таратууну ылайык көргөн жери жок. Ал эми Куловдун тарапкерлери Жогорку сот канагаттандырарлык чечим чыгарып береринен үмүт кылышпайт

Адвокат Любовь Иванова Феликс Куловдун ишине байланыштуу чыккан Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерине көзөмөл жүргүзүүнү сурап, Жогорку сотко өткөн жылы кайрылган. Эгер мурда белгиленгендей, дүйшөмбүдө ишти карай баштаса бул Жогорку соттун конституциялык реформага байланышкан тыныгуудан кийинки алгачкы иштеринин бири болмок. Адвокаттын датын Жогорку сот качан караарын ачыктаган жок.
Жогорку сот иш багытын мындай чукул өзгөртүшүн саясатчынын партиялаштары Кулов маселесин көтөрүүдөн бийликтин чочулап жаткандыгы менен байланыштырышат. Маселен, «Ар намыс» партиясынын төрага орунбасары Эмил Алиевдин пикиринче, ишти кароо баштала электе токтотулушуна «Демократияны өнүктүрүү» фондунун аткаруучу директору Төлөйкан Исмаилованын Жогорку сотко жолдогон кайрылуусу да себеп болду. Мындай кайрылуу фонддун аткаруучу директорунун жана «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунунун атынан 7-августта жолдонгон. Анда «Калкан» жана «Гасанов-Кулов» деп аталган эки иште тең Кулов Кылмыш кодексинде жок кылмыштар менен соттолгондугу тууралуу пикир айтылган. Жогорку соттун коллегиясы адвокаттын датын карап жатканда ушундай жагдайды эске алуу менен тыянак чыгарышы керек:

- Биз кесипкөй катары өз маалыматыбызды бердик, - дейт Исмаилова, - Эгер сот чын эле эгемендүү, мыйзамченемдүү иштейм десе, анда мыйзамдуу чечим чыгарышы керек. Эгер сот дагы эле Акүйдүн аспабы болсо, анда сот дагы туура эмес чечим чыгарышы мүмкүн.

Адвокат Любовь Иванова өз даттануусу боюнча Жогорку соттун чечимин күтпөскө аргасы жогун белгилейт. Анткени ал:

- Сот Куловду туура эмес соттогон. Анткени, далил да жок, дегеле кылмыш курамы жок болчу.

Куловдун санаалаштары болсо сот бийлигинин көз карандысыз иш жасаарына мурдагыдай ишенбей калышкан. Куловдун укуктарына кайчы келбеген чечим чыгарып берерине ишенбей турганын, ал эмес Жогорку сот мурдагы сот чечимдерин бекемдөөчү чечим чыгаруу үчүн коомчулукту дүрбөтпөгүдөй ыңгайлуу жагдай таппай жатканын айтышат. Бул жагынан учурда «Жаңыжер» түрмөсүндө жаткан Фелик Куловдун ою деле өз партиялаштары менен үндөш:

- Партиянын сотко катышкан көптөгөн мүчөлөрү менин акталаарымдан үмүт этишкен. Бирок, биздин системаны жакшы билесиңер: соттор кандай иштешет, кимге баш ийишет? Алар өз алдынча эч нерсе чечишпейт, - дейт Кулов.

Анын тарапкерлери күнөө оодарып келаткан Ак үй кызматкерлери болсо сот системасы бийликтен караманча көз каранды эместигин, ал эми Куловдун ишинин саясий эмес, кылмыштык иш экенин байма-бай айтып келишет. Маселен, президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков «Азаттыкка» жакында берген интервьюларынын биринде:

- «Сейтек» шаарчасына Бишкек шаарынын 15 миллион сому жөн эле кетип калган. Кайткан жок. Ошол эле Чүй облусунда губернатор болуп турганда берип жиберген 16 миллион сом ушуга чейин кайтарылгын жок. Бул эмне, коррупция эмеспи, - деген.

Эл аралык уюмдар Феликс Куловго байланыштуу ал камакка алгач ирет алынган 2000-жылдын мартынан бери кабатырлануусун эчен ирет билдиришти, анын аягы дале суюла элек. Адатта Кулов демократиялык түзүлүшкө ыктаган Кыргызстандагы укук бузуулардын бири катары аталат. Куловдун жактоочуларынын пикирлерине караганда, эгер Жогорку сот Любовь Иванованын датын таразалап, мыйзам чегинде чечим чыгарып берсе, ал акталып чыгат. Мындай чечим чыкпай калса, партия лидеринин укугун коргоо максатында анын тарапкерлери сыяктуу эле укук коргоочу уюмдар да аракеттерин улантат:

- Биз анда укук коргоочу катары башка кадамдарыбыз бар. Башка багыттарда иштейбиз, - дейт Төлөйкан Исмаилова.

Атын атагысы келбеген Куловдун дагы бир тарапкеринин пикиринче, саясатчынын укугун эл аралык соттор аркылуу коргоого мүмкүнчүлүк жок. Анткени, Кыргызстан эларалык уюмдар менен мындай келишимдерди түзө элек. Бирок, Куловдун иши боюнча Бириккен улуттар уюмунун алдындагы адам укугу боюнча комитетке кайрылууга толук негиз бар. Бирок, муну эларалык соттук уюмдар менен салыштырып болбойт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG