Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:33

«Сүлүктүкөмүрдүн» акциялары сатылат


БИШКЕК. Кыргызстандын тышкы соода жана өнөр жай министрлиги «Сүлүктүкөмүр» акционердик коомунун 45% акциясын сатууга конкурс жарыялады. Конкурс ушул жылдын 29-августунда өтөт. Акционердик коомдун 45 % акциясынын баасы 360 миң АКШ долларын түзөт. «Сүлүктүкөмүрдүн» акцияларын сатып алуучу кардар анын «ПЕСАК» программасы боюнча алынган 17 миң АКШ доллар кредитин жана бюджеттик ссуда катары алынган 55 миң АКШ долларын төлөп бериши керек. 2003-жылдын 1-январына карата «Сүлүктүкөмүр» акционердик коомунун уставдык капиталы 30 миң АКШ долларын түзгөн. «Сүлүктүкөмүрдүн» кредитордук карызы 939 миң доллар. Тышкы соода министрлигинин аппарат жетекчиси Туратбек Жунушалиев 8-августта билдиргендей, азырынча аталган ишкананы сатып алуу боюнча сунуштар түшө элек. Чет өлкөлүк инвесторлор көмүр кендерин иштетүүгө кызыкдар эмес. Көмүр казып алуу киреше алып келбеген тармак. Кыргызстан калкын көмүр менен камсыз кылуу маселесин азырга чейин чече элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG