Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:22

Россиядагы кыргызстандык мигранттарга көңүл бурулууда


БИШКЕК. Россия Федерациясы менен Кыргызстандын ортосунда 1996-жылы кол коюлган эмгек мигранттардын жумушу жана социалдык жактан корголушу жөнүндөгү макулдашууга жакынкы 2 айдын ичинде бир катар өзгөрүүлөр киргизилиши күтүлүүдө. Бул тууралуу маалымат жума күнү өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин миграция боюнча департаментинен алынды. Мындай аракет Россияда 2002-жылдын ноябрь айынан тарта «Россия Федерациясындагы чет элдик атуулдардын укуктук абалы» деп аталган мыйзамдын күчүнө киргендигине байланыштуу жасалууда. Макулдашууга киргизилген өзгөрүүлөр кыргызстандык мигранттардын кызыкчылыгына да жооп берет. Ага ылайык, кыргыз мигранттарынын Россиянын аймагында жумушка орношуу мөөнөтү мурда бир гана жыл болсо, эми үч жылга созулат.Кыргызстандан Россияга барган эмгек мигранттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүп, аларды жеке ишкерлер катары жумуш менен камсыз кылган тараптар кепилдик төлөмдөрдөн бошотулат. Россиянын ички иштер министрлигинин малыматы боюнча, учурда Россияда 80 миң, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин билдиришинче, Россияда 300 миңдей кыргызстандык мигранттар эмгектенишет. Россиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын укуктарын коргогон «Акыйкат жолу» коомдук бирикменин малыматы боюнча, Россиянын аймагында соода-сатык иштери менен алектенген кыргыздардын саны 500 миңден ашат.

XS
SM
MD
LG