Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:02

КЕДЕЙИ КӨП ӨЛКӨ БАЙЫБАЙТ, ДҮЙНӨ КЫРГЫЗДАРЫ, СӨЗ КУНУ, МИЛИЦИЯГА ЖАРДАМ


Европа коопсуздук жана кызматташуу уюму Кыргызстандын ички иштер министрлигине колдоо көрсөтүүгө киришти. Аракет коомчулук арасында аркыл пикирлерди жаратууда. Кыргыз басылмаларында соңку кездери адеп-ыйман, сөз баркы, коомдун рухий тазалыгы тууралуу ой жүгүртүү, пикирлер арбын жарыяланууда. Кыргыз мамлекеттүүлүгү майрамынын салтанат-шаңынын башталышы, Демократия кодекси, байыртан келаткан улуттук баалуулуктар, ички иштер кызматын реформалоо маселеси да баам сыртында кала элек.

Апта соңундагы «Эркин тоо» гезитинде Кыргызстандын Демократия кодексинин кыргызча тексти жарыяланды. Документ авторлору коомдук келишим долбооруна каалоо, пикир, сунуштарды жылдын 15-августуна чейин кабыл алышарын жарыя кылды. Кодекс кыргыздардын 2-дүйнөлүк курултайында кабыл алынмакчы.

Кодекс тууралуу «В конце недели» апталыгынын жума күнкү санында демократиялык коопсуздук коомдук кеңеш төрагасы академик Мирсаид Миррахимовдун маеги жарыяланды. Анын маалымдашынча, коомдук кеңешке 29 киши мүчө. Коомдук кеңеш президент А.Акаевдин саясатын толугу менен колдойт, бирок ал башкача саясат жүргүзө баштаса ага каршы сын пикир айта алат. Азыркы башкаруучулардын көбү жадагалса Конституцияны да билишпейт, адамдардын укугу кадам сайын бузулат, - дейт академик М.Миррахимов.

Европа коопсуздук жана кызматташуу уюму кыргыз милициясына колдоо көрсөтмөкчү болуп ички иштер министрлигиндеги реформага көзөмөл жүргүзүүгө атайын байкоочу дайындап, анын кеңсеси жакын арада Бишкекте ачыларын жума күнкү «Вечерний Бишкек» гезити маалымдады.

Дүйнөнүн биртоп жерлеринде чачылган жылдыздай болуп 500 миңдей кыргыз жашайт. Алардын көбү Орусияда, Кытайда, Өзбекстан менен Тажикстанда. Кыргыздар көп чогулган жер Орусиянын Свердлов облусунда, Кытайдын Шиңжан-уйгур автономиялуу районунун Кызылсуу автоном облусунда 150 миң чамалу улутташтарыбыз жашайт. Өзбекстандын бардык облустарында кыргыздар бар, 1924-жылкы аймактык бөлүшүүдө алардын көбү Өзбекстан менен Тажикстанда калышкан.

«Заман Кыргызстан» гезитинин жума күнкү санында Ибраим Нуракун уулунун «Кыргыз медиасына эмне жетишпейт?» макаласы жарыяланды. Автордун айтымында, Кыргызстандын маалымат мейкини кыйла эле чектелүү. Анын кыйласын Орусия менен Өзбекстан ээлеп, электрондук байланыш жакшы өөрчүй элек. «Бир даарыбыз «оппозиция» аталып Батыштын жарыгына жабалактаган, бир даарыбыз «өкмөттүк» аталып бийликтин шамына үйрүлгөн шайтан көпөлөктөргө окшоп кетебиз», - дейт Ибраим Нуракун уулу.

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун чын сыры «Бишкек таймс» гезитинин жаңы санында жарыяланды. Жазуучунун пикиринде, азыр «улуу сөздүн баркы кетип, куну качып, кор болуп баратат». Чын сөзгө муюп, айыпты моюнга алуу жок. Улуттук интеллигенция кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын башта эле айтып чыгышы керек эле. Белгиленип аткан маараке «эки жүз боз үй тигип, бээ союп, ичкилик менен чардоо, таламакей эмес, илимий жыйындар, жолугушуулар, аңгемелешүүлөр, китептерди, жыйнактарды чыгаруу, улуттук жаңы» салтты жайылтуу.

КМШ мамлекеттеринин ичинен көпчүлүк көрсөткүчтөр боюнча Кыргызстан Тажикстандан бираз алдыда экени белгиленет, деп жазат «МСН» гезитинин апта соңундагы санында Вячеслав Тимирбаев. Жарандык уруштан жабыркабаса Тажикстандын антип көч артында калышы күмөндүү эле.

«Ар намыс» партиясынын төрагасы Феликс Куловду азыркы Кылмыш-жаза кодексинде жок берене боюнча соттошконун белгилеп бейөкмөт уюм жетекчиси Төлөйкан Исмаилова Жогорку сотко кат жолдогон. «МСН» гезитинин жаңы санында ошол каттын тексти жарыяланды. «Алгачкы кылмыш иши боюнча ал Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 1960-жылкы редакциясындагы 266-берененин 1-бөлүгүнө ылайык соттолгон. Андай берене иштеп аткан кодексте жок», - деп жазат Т.Исмаилова.

Кытай өкүмдарынын кыргыз каганына жазган каттарынын таржымасын «Кыргыз туусу» гезити апта аягындагы санында жарыялады. «Кагандын теги жөнүндө укканым бар, - деп жазган Кытай өкүмдары.- Түбүндө биз бир урукка барып такалат экенбиз. Хан сулаласынын түндүк жакты тынчытуучу Иойун иш билгилиги, намыстуулугу жагынан бул дүйнөдө теги жок киши болгон экен. Ал эр жеткенден тартып эле эл четин коргоп, жаа тартып, салмоор урууга маш болгон экен».
XS
SM
MD
LG