Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:38

“АКЦИОНЕРДИК КООМДОР ЖӨНҮНДӨ” МЫЙЗАМГА ТҮЗӨТҮҮЛӨР ДАЯРДАЛУУДА


Сапар Орозбаков, Бишкек Үстүбүздөгү жылдын апрелинде «Акционердик коомдор жөнүндө» жаңы мыйзам кабыл алынган болчу. Бул мыйзам ишканалардагы корпоративдик башкаруу системасын жолго салуу үчүн чоң роль ойноп жатканын айтышууда. Бирок кыска эле мөөнөттүн ичинде анын бир топ кемчиликтери да бар экени көрүндү.

Баалуу кагаздар базары боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматтарына таянсак, өлкөдө 1,5 миң акционердик коом бар. Алардын 800-900 гана реалдуу иштейт. Акционердик коомдор ушу күндөрү жыл жыйынтыгына арналган акционерлердин чогулушун өткөрүштү. Комиссияга өздөрүнүн иши тууралуу маалымат берген 736 акционердик коомдун жылдык отчетун талдап көргөндө, алардын 352 гана өткөн жылды таза киреше менен аяктаганы маалым болду. Алардын тапкан таза пайдасы 1,5 млрд сомду түзгөн. Бул акционердик коомдор өздөрүнүн акционерлерине 358 млн сом дивиденд төлөгөн. Бирок, алардын өткөн жылдагы көрсөткүчтөрү мурунку жылдарга салыштырмалуу төмөн экенин айтышууда.

- Былтыр дивидендер көбүрөөк болгон. Анын себеби бизде «Кыргызэнерго”, “Кыргызтелеком” өңдүү ири ишканалар бар. Ошолордун финансылык көрсөткүчтөрү жалпы көрсөткүчтөргө аябай таасир берет, - дейт Баалуу кагаздар базары боюнча мамлекеттик комиссиянын башкармалык жетекчиси Алтынбек Алымкулов.

Быйыл жазында “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзам кабыл алынган болчу. Бул жаңы мыйзам ишканалардын директорлорунун укугун чектеп, андагы бийлик полномочилеринин көпчүлүгүн директорлор кеңешине өткөрүп берет. Мурда директорлор акционерлердин жалпы чогулушунда эл көзүн жазгырып шайланып алып ишкананы өзү билгендей башкарып келсе, азыр алар жаңы мыйзамга ылайык директорлор кеңешине түздөн-түз баш иет. Алар эми директорлор кеңеши аркылуу шайланып, анын чечими менен кызматтан алынат.

Бирок, бул мыйзамдын ишканалардын натыйжалуу иштешине кандай таасир көрсөткөнүн айтууга азыр эрте. Азыр акционердик коомдор өз уставдарын ага ылайыкташтырып, башкаруу органдарын жаңы жоболордун негизинде түзүп жатышат. Мыйзам бул үчүн аларга бир жыл мөөнөт берген. Ошентсе да адистер жаңы мыйзамдын көп жакшы жактары бар экенин айтышат.

- Жазылбай, ачык калган жерлер азайды. Коомду кайра түзүү жактарын чагылдыруу жагынан ал толугураак болуп калды. Бул акционердик коомду реорганизациялоо учурунда чыкчу маселерди азайтат, - деди корпоративдик башкаруу борборунун директорунун орунбасары Александр Зазульский. Бирок жаңы мыйзамдын көп кемчиликтери бар экени да айтылууда.

Мыйзам кабыл алынып жатканда бул мыйзам майда акционерлердин укугун коргой турган мыйзам болорун айтышкан эле. Бул үчүн кумулятивдик добуш берүү тартиби кирет дешкен. Бирок ал тартип эгерде акционерлер көпчүлүк добуш менен директорлор кеңешин шайлай албай калган учурда гана колдонулат экен.

- Эгерде сизде 51% добуш болсо, сиз каалаган адамыңызды директорлор кеңешине шайлай аласыз. Майда акционерлер болсо өз өкүлдөрүн ага өткөрө алышпайт. Бул, менин оюмча, мыйзамдын кемчилиги болуп эсептелет, - дейт Александр Зазульский.

Батыш өлкөлөрүндө, Орусия жана Казакстанда кумулятивдик добуш берүү эч кандай шарт коюусуз колдонулат. Бизде баалуу кагаздар базары өнүкпөгөндүгү, ага байланыштуу майда акционерлер өз акцияларын сатып жиберип, ишкананы башкаруучуларга карата өз пикирлерин билдире алышпастыгын эске алганда, алардын укугу дагы эле жок. Мындай мүчүлүштөр, Алтынбек Алымкуловдн айтымында, жаңы мыйзамда бир топ.

- Биздин комиссиянын алдында ведомстар аралык жумушчу топ түзүлдү. Ага юстиция министрлигинин, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин, корпоративдик башкаруу борборунун жана жеке сектордун өкүлдөрү катышып жатышат. Жумушчу топ күзгө чейин жаңы мыйзамга өзгөртүүлөрдү даярдап чыгышы керек. Анын мүчөлөрүнүн баардыгы директорлор кеңеши жалаң эле кумулятивдик добуш менен шайланышы керек деген бир ойдо болуп жатышат, - дейт Алтынбек Алымкулов.
XS
SM
MD
LG