Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:38

КАДЫР ӨМҮРКУЛОВ: «ЖАЗГАНДАРЫМ ЖАТАТ БИР ЖАЙДА»


Көчкөн Сактанов, Бишкек 60-жылдары Кыргыз киночулар союзу жаңыланууну башынан кечирген. Ал жылдары Москва шаарынан бир топ жаш кадрлар кино окуусун бүтүп келишкен. Алар «Кыргызфильм» киностудиясында автор, режиссер, оператор жана сүрөтчүлөрболушуп зор патриоттук сезим менен күргүштөп иштеп, ошол жылдары эле бүткүл союзга таанымал боло баштаган. Азыр ошондогу мыкты киночулардын тагдыры кандай? Бул жөнүндө Кыргызстан киночулар союзунда жана «Кыргызфильм» киностудиясында иштеген Кадыр Өмүркулов ой бөлүшөт.

- Кийинки жылдары Кыргызстан киночулар союзунун дареги такыр эле угулбай калды. Мурун киночулар союзунун кол алдында киночулар үйү жана «Кыргызфильм» киностудиясы иштеп турган. «Кыргызфильм» киностудиясына акчаны Москванын мамлекеттик киносу бөлүп турчу. Жылына төрт көркөм фильмге, жыйырма ашык көркөм фильмди орусчадан кыргызчага которуу, ондогон даректүү фильмдерди тартууга каражат бөлүнчү. Азыр «Кыргызфильм» студиясынын көрөңгөсү түгөнүп, эбак жым болгон кези. Быйыл бир көркөм фильмге өкмөт тарабынан каражат бөлүнүптүр деген кеп-сөз бар, бирок ал дагы али колго тие элек. Кыскасы, тармактагы абал бүгүнкү күндө кубанарлык эмес. Кадыр Өмүркуловдун пикири кандай?

- Атын эле атап кетсек, ошол учурда киного Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров, Үсөн Ибрагимов, Алгис Видугрис сыяктуу режиссерлор, ал эми киноператорлордон Кадыржан Кадыралиев, Манас Мусаевдер келди. Иши кылып ар бир адам өзүнчө эле тарых болчу.

- Кыргыздын эң алгачкы документ фильмдери Москва, Ташкен, Ленинград шаарларынан келген киночулар тарабынан тартылган. Ал эми кыргыздын нукура улуттук көркөм киносу 1960-жылдары жаралды десек жаңылышпайбыз. Мисалы, кыргыздын белгилүү жазуучусу Мукай Элебаевдин чыгармасынын негизинде тартылган Мелис Убукеевдин «Тайгак кечүү», Төлөмүш Океевдин «Бакайдын жайыты», Болот Шамшиевдин «Караш-караш окуясы», Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» чыгармасы боюнча тарткан Геннадий Базаровдун көркөм фильмдери болду. Буга кошумча ошол эле жылдары Карел Абдыкулов жана башкалардын «Жорго», «Тушоо кесүү», «Өз өнөрүнүн устасы» сыяктуу даректүү документ фильмдерди СССРде эле эмес, чет элдерде да кыргыздын керемет фильмдери катары баалашкан. Кадыр мырза, «Бакайдын жайыты» фильминин жаралыш тарыхы боюнча кенен айтып берсеңиз.

- Дипломдук ишке чыккан учурда биз Москвадан Фрунзе шаарына келип калган элек. Киностудиянын бир аллеясы бар, бак-дарагы өскөн. Ошерден Төлөмүш менен таанышып калдым. Көрсө, Төлөмүш да жаңы эле келиптир Москвадан. Ал Москвада режиссерлуктун эки жылдык курсун бүтүп атыптыр, а мен болсо Москвада ВГИКти бүтүп аткам. Москвадан таанышпай, ушерден таанышып атпайбызбы. Таанышып, эмне иштеп атканыбыз жөнүндө сураша кеттик. Мен дипломдук ишке киришкени жатам десем, Төлөмүш айтып калды, мен да дипломдук ишти тартканы жатам, азыр өзүмө чыгарма издөөдөмүн деди. Анан сөздөн-сөз чыгып атып, экөөлөп эмне жөнүндө тартсак деп калдык. Акыры, 2-3 күндөн кийин бир жыйынтык чыкты. Өзүбүздүн балалыгыбыз жөнүндө. Башыбыздан өткөн окуя жөнүндө тартсак деген ой келди. Жаңы фильм кыргызча «Бакайдын жайыты» деп чыкпадыбы, а бирок орусча вариантына «Биздин балалыктын асманы» деген атты койдук.

- Кино коомчулук тарабынан кандай кабыл алынды, ушу жөнүндө айтып берсеңиз?

- Биринчи көрүүчүлөрүбүз өзүбүздүн курбалдаштар болду. Жазуучулар, киночулар, сүрөтчүлөр, мисалы, Сүйөркул, Бексултан, Мар жана башкалар. Биринчи көрсөткөндө алар жакшы колдоп кетишти. Жакшы кабыл алышты. Биз Төлөмүш экөөбүз анда эгиз баладай болуп өтө ынтымак элек. Өзүбүздүн бирге жүргөн чоң жазуучулар, киночулар, сүрөтчүлөр фильмди жакшы кабыл алгандан кийин абдан духубуз көтөрүлүп калды.

- Кадыр мырза, дагы бир суроо. Жазуучулар, сүрөтчүлөр, композиторлор союзундай эле киночулар да каражатсыз калды. Ушундай учурда киночулардын тагдыры кандай болууда?

- Биздикине караганда алардыкы алда канча оор. Анткени, биз 60-жылдары киного келгенде, киного, маданиятка өтө чоң көңүл бурулчу. Бул абдан туура камкордук болгон. Азыр өтө кыйын болуп калды. Таланттан өксүгөн жокпуз. Таланттуу балдар келди. Мына ушул экинчи муун бизге карата камкордукту көрүп калды. Азыр эми үчүнчү муун, чыгармачыл жаштар, мыкты режиссерлор келди. Бирок, чоң өкүнүч, биздин эң мыкты режиссерлор: Мелис, Төлөмүш, Болот, Геннадийлер 91-жылдан баштап көркөм фильм тартпай калышты. Муну ойлоп өтө өкүнөсүң да. Ушундай таланттуу адамдар 10 жылдан ашуун болуп турган чагында, таланты ташкындап турган чагында киносун тартпай калышты. Элестетип көргүлөчү чет өлкөлүк Антониони, Феллини, Куросава 10 жылдан ашуун фильм тартпаса дүйнөдө канча нерсе жок болмок.

- Пландарыңыз кандай?

- Менин киночыгармачылыгым да азыркы заманга байланыштуу. Он жылдан ашык эч нерсем тартылбай турат. Жазгандарым жатат өзүнчө бир жайда.
XS
SM
MD
LG