Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Кыргызстандын маданият күндөрү Москвада өтөт


БИШКЕК. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылын белгилөө боюнча уюштурулган иш-чаралардын алкагында Кыргызстандын маданият күндөрү Москва шаарында 22- сентябрдан 26-сентябрга чейин өтөт. Маданият күндөрү Москвадагы Улуттук академиялык чоң театрдын сахнасында Кыргыз көркөм өнөр чеберлеринин концерти менен башталат. Бул тууралуу 9-августта билим жана маданият министрлигинен маалымдады. Маданий программанын алкагында мамлекеттик «Москва Кремли» тарых музейинде Кыргызстандан табылган тарыхый мурастар, баалуу экспонаттар коюлат. Чыгыш музейинде кыл чеберлердин сурөт көргөзмөсү ачылат, Москва Улуттук китепканасында Чыңгыз Айтматов менен жолугушуу кечеси уюштурулуп, кинотеатрларда кыргыз кино тасмалары көргөзүлөт. Кыргызстандын билим жана маданият министринин орунбасары Султан Раевдин айтымында, «Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон бери биринчи жолу мындай чоң масштабдагы маданий иш-чаралар өткөрүлүп жатат»

XS
SM
MD
LG