Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:34

Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода байланыш


БИШКЕК. Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү акыркы 6 ай ичинде 40 млн АКШ долларын түздү. Өткөн жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү быйыл 19, 5 % төмөндөдү. 2002-жылдын биринчи жарымында Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү 50 млн жакын АКШ долларын түзгөн. Өлкөнүн тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин инвестициялар бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Бегалиев ишембиде маалымдагандай, 2003-жылдын биринчи жарымында Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн деңгээлинин төмөндөгөнү өнөгөсүз өпкө оорусунун жайылышына байланыштуу Кытай менен Кыргызстандын чек арасы 12- майдан 4 –июлга чейин жабылып калганынан улам болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG