Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:17

Ысыккөлдө «Тамчы» эл аралык аба майданы ачылды


БИШКЕК. 9-августта Ысыккөл облусунун Тамчы айылынын жанында эларалык аба майданынын ачылыш аземи өттү. «Азаттыктын» Ысыккөлдөгу кабарчысы билдиргендей, аземге президент Аскар Акаев, башка расмий адамдар, Бишкектеги чет элдик элчиликтердин өкүлдөрү, көлдө эс алуучулар катышты. Президент Аскар Акаев «Тамчы» аба майданы республиканын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга, облустагы туризм тармагын өнүктүрүүгө кеңири жол ачарын айтты.

XS
SM
MD
LG