Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:28

«ЭРКИНТОО» БАСМА ҮЙҮ ТАЛАШКА ТҮШҮҮДӨ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Жогорку сотто 8-августта “Эркинтоо” менен Мамлекеттик мүлк фондусунун ортосунда сот процесси болду. 2001-жылы «Эркинтоо» басма үйүнүн акциясынын 40% «ЭНиК» фирмасы сатып алган. Ал эми 2002-жылы коммерциялык конкурска коюлган 40,66% акциясын «Эркинтоодо» иштеген Жаныбек Сыдыгалиев утуп кеткен. Бирок, мамлекеттик мүлк фондусу мыйзам бузуулар менен болгонун белгилеп, конкурстун жыйынтыгын жокко чыгарган. «Эркинтоо» басма үйүнүн жетекчилиги бул жерде мамлекеттик кызматтарда иштеген таасирдүү адамдардын кызыкчылыгы бар деп мамлекеттик мүлк фондусу менен бир жылдан бери соттошуп келатат.

Алгач Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жаныбек Сыдыгалиевдин кызыкчылыгына чечим чыгарган. 2003-жылы март айында Бишкек шаардык соту ал чечимди жокко чыгарды. “Эркинтооо” басма үйүнүн 40, 66 % акциясына кожоюн болууга төрт тарап кызыкдар. Үчөө жеке адам, төртүнчүсү басма үйдүн мурдагы 40% акциясына ээ “ЭНиК” фирмасы. Мамлекеттик мүлк фондусунун ырастаганына караганда, 2002-жылы 19-августта болгон конкурс бир катар мыйзам бузуулар менен болгон. Биринчиден, ар бир катышуучуга конкурс болот деген кабар кагаз жүзүндө жөнөтүлгөн эмес. Экинчиден, катышуучулардын бирөөсү арызын убагында тапшырган эмес. Ошондой эле катышуучулар жашыруун маалыматты таратпоо тууралуу ырасмий эскертүү алышкан эмес. Ушул жагдайларга таянып, мамлекеттик мүлктү башкаруу жана инвестиция тартуу мамлекеттик комитети Жаныбек Сыдыгалиев мырза жеңип алган акцияларды мыйзамсыз деп тапкан. Ж.Сыдыгалиев болсо мамлекеттик мүлк фондусу мындай бүтүмгө жогору жактан болгон басымдан улам келди деген тыянак чыгарып сотко кайрылган. Ал Жогорку сотто иш каралардын алдында мындай деп билдирди:

- Мен коммерциялык конкурста жеңип чыккам. Көп өтпөй эле мамлекеттик мүлк фондусу эч кандай негизделбеген себептерди бетине кармап ал конкурсту мыйзамсыз деп тапты. Бул жерде мамлекеттик кызматта иштеген таасирдүү адамдын кызыкчылыгы бар деп ойлойм. Ошондуктан сотко берип, мына бир жылдан бери акыйкаттыкка жетпей келем.

“Эркинтоонун” жамааты Кыргызстан Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулуна кат жолдошкон. Катка кол койгондор Акыйкатчыдан басмакананын тагдырына көз салып, бул ишти өз көзөмөлүнө алууну суранган. “Кептин баары мамлекеттин колундагы 40,66% акцияга чоң адамдар көз артып калгандыгында”, - деп жазышкан. “Эркинтоого” толук ээлик кылууну көздөгөн “ЭНиК” фирмасы Жогорку Кеңеш депутаты Каныбек Иманалиевге тиешелүү экенин көрсөтүшөт. Акыйкатчыга жазылган кайрылууда “ЭНиК” фирмасын башкарып турган Болоткан уулу Кубатбек аты аталган депутаттын жардамчысы болуп иштери айтылат. Жогорку сотто жолукканыбызда “ЭНиКтин” башчысы Болоткан уулу Кубатбек бул фирмага Каныбек Имналиевдин эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. Ал эми “Эркинтоо” басма үйүнүн жетекчиси Гүлнара Мурзахмедова фирма Каныбек Имналиевдики болгондуктан бул адам мамлекеттик деңгээлдеги мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып бул ишти өз кызыкчылыгына чечкенге аракет жасап атат деген ойдо.

- 2002-жылы 26-август күнү биздин жамааттын көзүнчө Каныбек Имналиев “ЭНиК” анын жеке фирмасы экенин билдирген. Ошондон бери бул фирманын кызыкчылыгын коргоп, бул иштин чечилишинде таасирдүү роль ойноп атат. Бул фирма 2001- жылдагы конкурста “Эркинтоонун” 40% акциясын сатып алган,- дейт Гүлнара Мурзахмедова.

“ЭНиК” фирмасынын өкүлү, юрист Чынара Жолчубекованын айтымында, бул фирманы Каныбек Имналиевдин атына жабыштыруу курук сөз. Анын ырастаганына караганда мамлекеттик мүлк фондусу “ЭНиКке” конкурстун болор убактысын билдирген эмес.

- Биз конкурс болорун башка эле бирөөлөрдөн угуп калдык. Бирок, шашып барсак конкурс эчак башталып калыптыр. Кечигип калдыңар деп конкурска киргизбей да коюшту. Ошентип бир күн кечке эшиктин сыртында күтүп тура бердик. Биз бул акцияларды алалы деп чоң каражат жумшадык. Бир-эки сом менен катышкан жокпуз. Ошондуктан мындай олуттуу конкурста мыйзамдын ар бир шарты так аткарылышы керек болчу, - дейт фирманын өкүлү.

Жогорку соттун судьясы Лариса Гутниченко мамлекеттик мүлк фондусунун жана «ЭНиК» фирмасынын каалоосун канааттандырды. Бишкек шаардык сотунун ушул жылы март айындагы чечими күчүндө калды. Эми мамлекеттик мүлк фондусу “Эркинтоо” басма үйүнүн 40, 66% акциясын кайра сатыкка коет. “Эркинтоонун” башчысы Гүлнара Мурзахмедованын айтымында, соттун бардык инстанцияларын басып өтүштү. Эми жаңы конкурска кайра катышып көрүү гана аргасы калат. “ЭНиК” фирмасы сөзсүз катышса керек, Сыдыгалиев да кайра катышып көрөт, балким кайра утуп кетет” - деди ал. Ал эми сот чечимин уккандан кийин Жаныбек Сыдыгалиев сотко жогортон басым болду жана бул эчак алдын-ала чыгарылган чечим деген оюн айтты.

Жогорку сотто бул иш аяктагандан кийин Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев менен байланыштык. Депутат “ЭНиК” фирмасына жана бул сот процессине эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. Анын айтымында, мындай чарбалык чатактарга сот гана чекит кое алат. “Ошондуктан бул ишти саясатташтырып жана менин ысмыма жабыштырып аткандарды түшүнбөйм», - дейт Каныбек Иманалиев. Ал эми “Эркинтоо” басма үйүнүн жамааты Акыйкатчыга жазган кайрылуусунда Каныбек Иманалиев тууралуу жазгандары дагы бир сот ишине түрткү болгону калды көрүнөт. “Учкун” мамлекеттик басма үйүнүн президенти адамдык абийирине шек келтирип, жок жерден жалаа жапканы үчүн кесиптештерин сотко берерин билдирди.

XS
SM
MD
LG