Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Басранын тургундары жашоого нааразы


Ирактын Багдаддан кийинки чоң шаары – Басранын тургундары бүгүн нааразылык билдиришип, май куюучу жайларды таш бараңга алышты. Андан тышкары Кувейттин номери бар машиналарды да таш менен ургулашып, машинанын дөңгөлөктөрүн өрттөштү. Буга электр энергия менен бензиндин тартыштыгы себеп болду. Басрадагы баш аламандыкты жөнгө салуу үчүн ал жерге Улуу Британиянын кошумча аскерлери жөнөтүлдү. Башаламандыктан жабыр тарткандар тууралуу азырынча маалымат жок. Ал эми бүгүн Киркук шаарындагы америкалык аскерлерге кол салуу болуп, андан төрт жоокер жарат алды. Эл-Фуджа шаарында турган америкалык аскерлердин базасы аткыланды.

XS
SM
MD
LG