Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:01

Азербайжандын Башкы прокуратурасы шайлоо кодексинин өзгөртүлүшүн каалайт


Азербайжандын башкы прокуратурасы өлкөнүн шайлоо кодексинен президенттик шайлоого байланыштуу бир беренени алып таштоону Конституциялык соттон өтүндү. Сот аны кийинки жумада кароого макулдук берди.Азербайжандын башкы прокуратурасы алып таштоону өтүнгөн беренеде "президенттик шайлоого даярдык көрүү маалында президент көз жумса же кызматынан кетсе мөөнөтү белгиленген шайлоо өткөрүлбөй, жаңы шайлоо кийинки үч айдын ичинде жарыяланат" деп жазылган. Эгер Конституциялык сот бул өтүнүчтү орундатса президенттикке атасынан кийин талапкер болуп катталган Илхам Алиев Гейдар Алиев көз жуумп кеткен күндө да барууга укук алат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG