Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:09

Кувейт Палестинанын премеьр министринин визит менен келишин жактырган жок


Палестанадагы "Хамас" уюму израилдик аскерлердин кечээ күнү Иордандын батыш жээгиндеги Наблус шаарында жүргүзгөн рейдине кайтарым бере тургандыгын жарыя кылды. Качкындардын лагеринде жүргүзүлгөн рейддин маалында төрт палестин жана бир жөөт аскери каза болгон эле. Палестиндиктердин экөө "Хамас" уюмунун чыгаан мүчөсү болушкан. "Хамас" уюму ошону менен бирге Израил менен Палестинанын ортосунда июнь айынын аягында кол коюлган элдешүү макулдашуусунун чегинен чыкпай тургандыгын белгиледи. Ал макулдашууга ылайык эки тарап үч ай бою бири-бирине кол салбашы керек. Ал эми бүгүн Кувейт Палестинанын премьер министри Махмуд Аббастын визит менен келишин жактырбай тургандыгын билдирди. Кувейттин премьер министри Сабах-ал Ахмад ал–Сабахтын айтымында, буга 1990-жылы Ирак Кувейтке кол салганда Палестинанын Иракка колдоо көрсөткөндүгү үчүн кечирим сурабагандыгы себеп болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG