Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:58

АКШ: "Индонезияда дагы жардыруулар болушу мүмкүн"


Америка жакын арада Индонезияда дагы жардыруулар жана ал жердеги америкалык атуулдар менен батышка тиешелүү жайларга террордук кол салуулар болушу мүмкүн экендигин эскертти. АКШнын мамлекеттик департаменти өз жарандарын Индонезияга барбай кое турууга чакырды. Индонезиянын бийлиги ушул шейшембиде, Жакартадагы "Марриот" мейманканасын жардырган адамдар "Ал-Каиданын" Пакистан менен Ооганстандагы лагерлеринде даярдыктан өтүшкөн - деп билдирди. Өлкөнүн коргоо министри Матори Абдул Жалилдин айтымында, мейманканадагы терракты "Жемаи исламийа" уюму жасаган. Терракка тиешеси бар деген шек менен Индонезиянын чыгышында кармалган бир нече адам "Ал-Каида" менен байланышта экендиги аныкталган. "Марриот" мейманканасындагы жардыруудан 10 адам набыт кетип, 150 адам жарат алган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG