Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

ЖАШТАР МАСЕЛЕСИ


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Жумушсуздук – Жалалабад областындагы жаштардын негизги проблемасы бойдон калууда. Алардын айрымдары коңшу мамлекеттерден иш издеп кетсе, эмне кылаарын билбей жүргөндөр да арбын. Облустук бийлик ал маселенин чечилүүсүн жаштардын өзүнөн көрөт. Жаштардын өкүлдөрү «биз үчүн мамлекет камкордук көрүүсү керек» деген пикирде. Ошол эле учурда аракечтикке берилип, нашаа тартып, шуркуялык кылган жаштар да аз эмес.

Жумушсуздуктун айынан эки жарым миңге жакын жаш адам иш издеп Орусияда жүргөнүн областтагы миграция кызматы кабарлады. Жаштардын пикири боюнча, бул маалымат он эсе азайтылып жатат. Коомчулукта «иш табылбай, жашоонун оордугунан кыз-жигиттердин бир даары нашаа тартып, аракечтикке берилип, башка динге өтүп жатышат» деген пикир жайылды. Атайын изилдөө жүргүзбөгөнү менен жаштар арасындагы жумушсуздук негизги маселе экенин ырастаган областтык жаштар комитетинин төрагасы Нариман Кадырбеков Базаркоргон районунда комитет жоюлуп, жаштар маселесин кантип чечүүнүн жолдору жөнүндөгү оюн билдирди:

- Иш менен камсыз кылуу үчүн бош орундарга жөнөтүүдөн сырткары коомдук уюмдардын абдан талуу маселелери боюнча долбоор жаздыруу үстүндө иш жүргүзүп жатабыз. Кандайча долбоор жазыш керек, кимдерге кайрылыш керек, кимдер конкурс жарыялап атат? Ушул проблеманы чечүү үчүн өткөндө бизде коллегия болду.

Биз кепке тарткан жаш адамдардын пикирлеринде жаштар деле чоңдор сыяктуу жикке бөлүнүп калышты. Маселен, жогорку катмардагы жаштар эларалык уюмдар менен иштөөнү кааласа, ортоңкулары орношкон иш орундарын колдон чыгарбоого аракеттенишет. Үчүнчү катмары кантип билим алып, кантип жашоонун жолун таппай, баңгичилик менен аракечтикке байланып калышты.

Областтык администрациянын социалдык иштер боюнча бөлүм башчысы Асият Баркитованын көз карашы боюнча, жергиликтүү бийлик жаштар маселесине көп көңүл бурат:

- Айлана-чөйрөнү карасаңыз курулуш иштери көп болууда. Жаштарыбыз ошол жака сезон иштерге келип иштешип атат. Анан дагы талаа чарбачылыктарда. Облусубузда жаштардын биржасы бар, балдар ошол жерге иш издеп, өзүнө ылайык болсо ишке киришип жатат, – дейт Асият Баркитова.

Ал айыл-кыштакка зарыл токарь, слесарь, электромеханик, тигүүчү сыяктуу адистиктерге үйрөтүүчү лицейлер иштеп, жаңы ачылган ишканаларга жаштар кабыл алынып жатканын маалымдады. Азыркы доордун талабын билбей, жашоонун начардыгын өзүнөн эмес башкалардан көргөн жаштар да жок эмес.

- Ар бир фирма, ишкана, мисалы жакшы компьютерщик, англис, орус, кыргыз өзүнүн тилин жакшы өздөштүрсө кайда барбаса өзүнө ылайыктуу иш таап алат. Ошого чыдоо керек. Ошого бүгүнкү жаштар анча чыдай албайт, - деди облбийликтин бөлүм башчысы Асият Баркитова.

Туура, тарбия менен туруктуу жумуштун жоктугунан облуста 300 жакын сойку, жетимиш наркоман жана СПИД-вич инфекциясын жуктурган деп шектелген жергиликтүү 13 кыз-жигит катталганын областтык СПИД борбору кабарлады. Жогорку маалыматтуу, кесибине жараша иш таппай, соода-сатык тармагында жүргөн жаш кишилердин бири Замир Үркүнбаев жаштар маселесин оң жолго коюсун өлкө саясатынан көрөт:

- Биринчи биздин мамлекет күчтүү болуш керек, ар тарапту өнүккөн болуш керек. Завод, фабрика жана башка фирмалар иштеп турушу керек. Окуу жайды бүткөндөрдү ишке алып, аларды орноштуруш үчүн иштетиш керек, – деди Замир Үркүнбаев.

XS
SM
MD
LG