Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:58

7-августта Бишкекте «Бител» компаниясынын имаратынан өрт чыгып, чатыры жана төртүнчү кабаты күйүп, компания болжол менен 250 миң долларлык зыян тарткан. Бул өрттүн чыгышына «Бител» компаниясынын имаратынын чатырын оңдоп жаткан «Азия стройсервис» фирмасынын кызматкерлери себепкер болгону айтылууда. Дегинкиси «тилсиз жоо» деген атка конгон өрт кырсыгынан сактануу иштери Кыргызстанда солгундап бараткандай сезилет.

Былтыр кыргыз жергесинде 2910 өрт кырсыгы катталып, андан 90 адам каза болуп, 500 млн. сомдук материалдык чыгым келтирилген. Өрт өчүрүүчүлөрдүн жардамы аркасында былтыр 530 адамдын өмүрү сакталып, 2 млрд. 200 миң сомдук материалдык байлык өрттөлбөй сакталып калган. Былтыркы эң ири өрт кырсыгында - Бишкектеги «Турбаза» өрттөнгөндө эле - 475 млн. сомдук материалдык чыгым болгон. Ал эми быйылкы жылдын 7 айында эле 1107 өрт кырсыгы катталып, мунун кесепетинен 21 млн. сомдук материалдык байлыкты өрт алып кеткен. Андан тышкары, 61 адам өрттөн жабыркап, өлүмгө дуушар болгон. Ошол 61 адамдын ишинде 23 киши мас абалында өрткө өздөрү себепкер болгон.

Быйыл жыл башынан бери өрт көзөмөл инспекторлору 90 миң үй-бүлөгө барып, өрттөн кантип сактануу керектигин түшүндүрүп, алдын алуу иштерин жүргүзүшкөн. Жыл башынан бери 3520 эл чарба объектилери текшерилсе, ошонун 70% өрткө каршы чаралар учур талабына жооп бербейт. Кыргызстанда өрт өчүрүүчү шаймандар, жабдуулар жасалбайт. Алар Орусияда жана башка чет өлкөлөрдө чыгарылып, баалары да кымбат болгондуктан, Кыргызстандагы мекеме-ишканалар сатып алууга чамасы жетпей турат. Негизинен ар бир турак үйдүн ашканасында бирден өрт өчүрүүчү шайман болмогу шарт. Кыргызстандыгы турак үйлөрдө мындай жабдууларды табыш кыйын. Себеби, өрт өчүрүүчү бир шаймандын баасы 1800 сом турат.

Азыр Кыргызстанда 261 өрт өчүрүүчү машина болсо, анын 237си өз иш мөөнөтүн эчак өтөп бүткөн. Ошондо 20 машина гана пайдаланууга жарактуу. Ошол керектен чыгып калган 261 машинанын 170ин оңдоп-түздөп, эптеп пайдаланып келатышканы - айла кеткендеги жорук. Эгемен мамлекет болгону өрткө каршы мамлекеттик кызмат бир дагы жаңы машина ала элек. Мындай өзгөчө жабдылган өрт өчүрүүчү машиналардын бирөөнүн баасы 2 млн. сомдон 7-8 млн. сомго чейин болгондуктан, аны сатып алууга каражат жок. Союз учурунда жылына Кыргызстанга 6-7 жаңы машина бөлүнүп турчу. Атайын кийимдер жана жабдуулар өрт өчүрүүчү жоокерлерде жетишсиз. Мындай кийимдер менен жоокерлердин 30% камсыз болгону менен, алар деле керектен чыгып баратат. Айла кеткенде чет өлкөлүк өрт өчүрүү кызматтарына жардам сурап кайрылып жатышат. Германия өлкөсү бир аз пайдаланылган 2 машинаны берген эле, бирок аны Кыргызстанга чейин айдап келүү, бажы, салык төлөмдөрүн төлөөнүн өзү эле көп чыгымдарга дуушар кылган. АКШнын, Англиянын өрткө каршы кызматтары менен кызматташууга аракеттер көрүлүп жатат.

Мурда өрт өчүрүүчү адистер союздук республикалардагы атайын окуу жайларында даярдалып келсе, СССР таркагандан бери бул маселе кыйындады. Мыкты адистер чет өлкөлөргө да кетип калышкан. Себеби, өрт өчүрүүчү жоокерлердин айлык акысы - 500-600 сом. Ал эми офицерлер айына 1000-1500 сом айлык алгандыктан, айрымдары бул кызматтан кетүүгө аргасыз болушкан. Быйыл айлык акынын аздыгынан 88 өрт өчүрүүчү башка ишке өтүп кеткен. Ал түгүл бир адамдын же бир нече адам өмүрүн жана миңдеген сомдук байлыкты өрттөн сактап калган жоокерге 200-300 сомдук сыйлык берип, сооротуп коюшкан учурлар арбын. Мындай көрүнүштөр азыр да кайталанып келатат. 7-8 жылдан бери бир нече жолу өз жанын тобокелге салып, өрт аралап, адам өмүрүн сактап калган өрт өчүрүүчүлөрдүн бирөөнө да өкмөттүк сыйлык, медалдар берилген эмес. Ушу тапта өрткө каршы кызматтагы 78 бөлүктө 1704 кызматкер иштеп жатса, дагы 101 орун бош турат.

Азыркы убакта жеке ишкерлер өрт коопсуздугун сактабай дүкөн, кафе-ресторандарды салып, ишканаларды ачып жаткандыгы кээде кайгылуу бүткөн учурлар бар. Бул жөнүндө Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин өрттөн сактоо башкармалыгынын улук инспектору Нурбек Асылбашев мындай дейт:

- 2-3 жылдан бери өкмөттүн ишкерлерди коргоо боюнча токтомунун негизинде өрт коопсуздугуна байланыштуу текшерүү да чектелип, алар өздөрүн өздөрү биле баштады. Ошентсе да 2 миңдей ишкерлерге акчалай айып салып, өрттөн сактануу керектигин эске салдык. 13 миңдей электр жабдууларын убактылуу токтоттук. Өрт коопсуздугун сактабаган 1240 ишкананы убактылуу жабууга туура келди.

Эми өлкөнүн Ички иштер министрлигинин курамында турган өрткө каршы мамлекеттик кызматты Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагына өткөрүү тууралуу сөз болуп жатат. Өгөй баладай мамиле кылынып, өрт болгондо гана эске түшкөн бул мекемеге дагы кошумча түйшүктөр үйүлгөнү турат. 77 жылдык тарыхы, тамыры бар бул мекеме өкмөттүк камкордукка муктаж.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG