Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:18

Кытайда Шанхай Кызматташтык Уюмунун машыгууларынын экинчи бөлүгү башталды


БИШКЕК. Бүгүн Кытай Эл Республикасынын Шинжаң уйгур автономиялуу районуна караштуу Иле аймагында Шанхай Кызматташтык Уюмунун мүчөсү болгон өлкөлөрдүн аскердик машыгууларынын экинчи бөлүгү башталды. Өлкөнүн Коргоо министрлиги тараткан маалыматка караганда, бул машыгууларда Кытай менен Кыргызстандын терроризмге каршы күрөшүү боюнча аскер бөлүктөрү эл аралык террористтердин лагерлерине чабуул коюу, террористтерди жок кылуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча биргелешкен машыгууларды өткөрүшөт. Машыгууларга Кыргызстандын Коргоо министрлигинин ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүнүн курамындагы десанттык-чалгындоо взводу жана 12 адамдан турган оперативдүү тобу катышууда. Шанхай Кызматташтык Уюмунун машыгууларынын биринчи бөлүгү 6-9-август күндөрү Казакстандын Семей облусунда болуп өттү.

XS
SM
MD
LG