Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:02

Кыргызстандын Акыйкатчысынын Чехия менен Эстониядагы иш сапары аяктады


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу баштаган делегациянын Чехия менен Эстониядагы иш сапары аяктады. Бул иш сапары Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын кеңсесинин мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө жана атуулдардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу» деген долбоорунун алкагында болуп өттү. Сапар учурунда кыргыз делегациясынын мүчөлөрү Чехия менен Эстонияда Акыйкатчы институттарынын түзүлүп, калыптанышы, ишмердүүлүгү менен таанышып, атуулдардын укуктарын коргоо боюнча бул өлкөлөрдүн акыйкатчыларынын тажрыйбаларын үйрөнүштү. Кыргызстан менен Чехиянын Акыйкатчылары өз адистерин алмашып окутуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюшту. Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу баштаган делегация 4-6-августта Чехияда, ал эми 7-10-августта Эстонияда болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG