Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

АКТАН АРЫМ КУБАТ ЖАНА КҮНТУУДАГЫ БИР ТАГДЫР


Чолпон Орозобекова, Бишкек Белгилүү кинорежиссер Актан Абдыкалыков жакында эле аты-жөнүн которду. Эми анын ысмы - Актан Арым Кубат. Анын мындай кадамга барышына жеке адамдык тагдыры кайсы бир деңгээлде түрткү болду. Актан өзүнүн кинолорунда да адамдык тагдыр жолунун үзүмдөрүн көп пайдаланган.

Актан Чүй боорундагы өзү чоңойгон Күнтуу кыштагында жашап келет. Короосуна мал кармап, кошуна-колоңдор менен айылчылашып, тоонун мөлтүр суусун ичкен ушул жашоодон ажырагысы жок. Күндө эртең менен кагаз-кугазын көтөрүп Бишкекке жумушуна жөнөйт. Күнтууда төрөлдү, Күнтууда чоңойду. Деги эле ушул кичинекей кыштак менен тагдыры кайчылаш. Бою кичине, көзү бүтүк каратору бала дайым көчөдөн чоң апасы менен ээрчишип өтөөр эле. Ал кемпирди айылдагы бала-бакыра «Ача апа» деп коюшчу. Көрсө Актандын төрөгөн энесинин бир тууган эжеси болгондуктан, күнтуулуктар «кудача» деп, ошондон улам балдар «Ача апа» дешчү тура. Ошол эле айылда өз ата-энеси жашаса да, бала башка бүлөнү өз тутуп, Ача апасына эркелеп чоңойду. Жалгыз пенсиянын көзүн караган кемпир баланын көңүлүн оорутпаганга аракет кылчу. Актан бул окуяны өмүр бою унута албастыгын айтат. «Шекери жок чай ичпейм» деп чырлаганда айласы куруган кемпир бозала чаң болуп көчөгө түшүп калган өрүктөрдү терип саткан экен.

- Ошондогу Ача апамдын көз карашы дале көз алдымда. Мен «шекер жок» деп чай ичпей коюп, а шекер алганга болсо акча жок, айласы куруганда ушуга барды да. Ал кезде эч ким антип сатчу эмес да. Дүкөндүн астына отуруп алып, стаканын 5 тыйындан сатсак керек эле. Жарым чакадай өткөндөн кийин анан эле ойлонуп, «мен колбаса жешим керек» деп чыктым. Колбаса алып берди. Ошону жеп келатам… Анан апам мени карап келатканын байкап калдым. Ал киши колбаса жечү эмес. Бирок, мен аябай уялып кеттим. Апамдын ошол көз карашын тасмамда берейин деп, бирок кандайча жеткире беришти билбей койдум, - дейт Актан.

Азыр дүйнө жүзүнө атагы чыккан кинорежиссер бала кезинде «космоско учсам» деп кыялданыптыр. Кийинчерээк «сүрөтчү болом» деп кыялга баткан. Ооба, азыр Актан мыкты сүрөтчү. Жашоонун ар кыл боегун тасмага тизип, кыргыз киносун жаңы тепкичке көтөрүп, мурдагыларга окшобогон агым болуп кирип келди. Анын адамдык тагдыры өзүнчө киного тартканга татыктуу. Ал бакма бала болгон. «Байке, жеңе» деп жүргөн чоочун адамдардын баласы экенин билип, көкүрөгүндөгү кичинекей ааламы астын-үстүн болгон. Бакма баланын арманын, ыйын, сүйүүсүн, тилегин «Бешкемпир» киносунда чагылдырды. Бешкемпирге чогуу ойногон баласы «Сен бакмасың, сенин ата-энең булар эмес» деп ардантат. Кинонун эң трагедиялуу учуру ушул - өзүнүн асыранды экенин бала биринчи уккан кези. Актан да бала чагында ушундай күнгө кабылган. 14 жашында аскердик милдети тууралуу кагаз берээрде метрика алып келүүнү талап кылышат. Үйдөн издеп, такыр таппайт. 14кө чыккыча дегеле аны көргөн да эмес. Бир күнү апасы берки ата-энесинен алып келсе керек, акыры метрикасын алып келет. Караса эле «атасы-энеси» деген жерге башка кишилер жазылган.

- Метрикамды ачып эле нес болуп калдым. Менин ошондогу ички дүйнөмдү сөз менен жеткирүүгө мүмкүн эмес болчу. Киного да так ушуну тартсам, анча таасирдүү болбой калмак. Ошондуктан, «Бешкемпирде» бир аз башкачараак эпизодду тандап алдым. Метрикамдан ата-энем башка экенин түшүнгөндөн кийин айыл өкмөтүнө баргам. Ага «бала баккандыкы болуш керек, мен азыркы атама катталышым керек» десем көнбөй койгон, - деп эскерет Актан.

Айыл өкмөтү баккан атасына катталганына каршы чыгып койгон. Бирок, Актан ошол бала кездеги оюн эми ишке ашырды. «Баккан атама катталам» деген тилегин ушуга чейин багып келип, былтыр Актан Арым Кубат болуп алды. Демек, Актан эки кишинин баласы. Тапкан да, баккан да атасынын атын жаздырды. Арым - өз атасы, Кубат болсо - баккан атасы. «Баары бир Кубат жүрөгүмө жакын, ушуну айтып атканда да көз алдыма элеси тартылып атат. Бирок, Арым атанын да арбагын сыйладым» дейт.

Актандын тагдыры эч кимдикине окшобойт, өзүнчө, кайталангыс. Бакма бала болуп калганы, ага карата жан-дүйнөсүндө болгон күрөш, Ача апасынын тарбиясы жана кылык-жоруктары, Күнтууда чогуу ойногон чыткурсак балдар… Ушунун баарынын азыркы чыгармачылыгына салымы бар. Ар бир тасмасы айыл турмушунун күзгүсү болушунун, нукура кыргыз жыттанганынын, жүрөккө жакындыгынын табышмагы эмнеде?.. Балким, өзү кечирген күндөрдө, адамдык тагдырында жана бозала чаң аралаш эски кыштагынан жылбай жашап атканында болсо керек.
XS
SM
MD
LG