Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:05

Өткөндөгү берүүбүздө кабарчыбыз, музыка таануучу Балбай Алагушевдин мындан 41 жыл мурда залкар кыл кыякчы, республиканын эмгек сиңирген артисти Сайид Бекмуратов менен байыркы аспап кыл кыяктын чабылышы, күүлөнүшү, күүлөрү жөнүндө баардашкан радио эскерүүсүнүн биринчи бөлүгүн уккан элеңиздер.

Өткөндө мындан 41 жыл мурда залкар кыл кыякчы, республиканын эмгек сиңирген артисти Сайид Бекмуратов менен байыркы аспап кыл кыяктын чабылышы, күүлөнүшү, күүлөрү, жаштарга үйрөтүүсү жөнүндө баардашкан үзүндү менен тааныштырган элем. Азыр ошол маекти улайын. Эмесе кезек, Сайид аке менен болгон баардашууда.

- Кыяк үч-төрт жерден басылып тартылат. Экинчи, үчүнчү басымында күүлөр ойнолот.

- Ошол басылыштардан көргөзүп берсеңиз?

- Көрсөтсө көрсөтүп берейин. Сол колдун сөөмөйү, аты жокту, ортонду, чыпалакты жеңил гана тийер-тиймексен басыш керек. Азыркы тарта турган «Эки дос» аттуу күү экинчи басымда тартылат. Баса, балам, өзүң көрүп тургандай, кыяктын жаасына да аттын куйрук кылы тагылат. Аны кыяктын кылдарына тегиз тийгизип, салмак менен кыдыртып (сүрүп), колду узунураак керип тартсаң үйрөнүүгө оңой болот. Эми мен өзүмдүн «Эки дос» аттуу күүмдү аткарып берейин.

- Баса, Сайид аке кыяктын жаасы эмнеден жасалат?

- Кадимки эле тоодо өскөн табылгыдан жасалат. Башка жыгач жарабайт. Ага 80 тал аттын куйрук кылы тагылат.

- Жааны кандай кармап тартыш керек?

- Оң колдун бармагын, сөөмөйүн көпшөгүрөөк кармап, аты жок чыпалак менен кере сүйөп тартыш керек. Балам, жаш экенсиң, кунтуңду койсоң бат эле үйрөнүп кетесиң. Бүгүнкү заманда келечек да жаштардыкы. Зээндүү жаштар бат эле үйрөнүп алат. Азыркы кездеги өзүңө окшогон таланттуу жаштарды үйрөтүп жүрөм.

- Кайсы жерде үйрөтүп жүрөсүз?

- Филармонияда иштеген Үмөталиев деген жигитти үйрөттүм. Азыр болсо ал концертке чыгып, күү тартып калды. Белекке өзүмдүн эски кыягымды бердим. Борбордогу Муратаалы Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайында кыяктан сабак берем. Класста төрт кыз, тогуз бала бар. Аларга кыякты үйрөтөм. Булардын айрымдары радиого, телевизорго чыгып концерт да берип калышты. Кыздарыбыз да кыякка кызыгышып, балдардан кем калышпай тарта башташты. Студенттерге күнүгө эки сааттан сабак берем. Эгерде балам, чындап эле кыяк үйрөнө турган болсоң, колуңду кыякка байлап койсом, бир айдын ичинде кыякчы болуп чыга келесиң.

- Рахмат. Талант, эмгек керек деңизчи?

- Ооба, балам. Талант, тажабаган эмгек керек. Эмгектенсең эрезеге жетесиң. Жаштардын колдорунан келбей турган эч бир иш жок.

- Студенттерге кимдердин күүлөрүн үйрөтүп жатасыз? Алардын өзгөчөлүктөрүнөн да айта отурсаңыз?

- Жакшы болот. Балдар улуу кыл кыякчы, устатым Муратаалы Күрөңкөевдин «Жаш кайрык», «Кер өзөн», «Кыз кербез», «Селкинчек» жана булардан башка да «Бекарстан», «Тизгин күү» деген күүлөрдү үйрөнүштү. Эми мен Муратаалынын айтылуу «Кер өзөнүн» тартып берейин. Бул күүнүн бир кылы ля-реге, экинчиси ля-сольго күүлөнөт. Күү 17-18, 19-20 кайруулардан турат. Мына, ушундай татаал кайрыктагы күүлөрдү студенттер үйрөнүп алышты. Муратаалынын татаал кайрыктардагы «Кара башыл ак токту» аттуу күүсүн балдар кызыгып үйрөнө баштады. Илгери бир кедейдин кара башыл жалгыз ак токтусу болуптур. Аны ээси жакшылап багып жүрөт. Бирок, күндөрдүн биринде түн ичинде байланып турган жеринен ак токтуну карышкыр жемек болот. Үй ээси үй-бүлөсү менен уктап калат. Иттери жаактарын жана чыркырап үрүшөт. Ошондо кожоюндун зайбы ак токтуга карышкыр кол салганы жатканын туюп калып: - «Ойдай эле Ойдай, тур дейм, кара башыл ак токтуну жеп кетти эле жеп кетти, тур эле тур кокуй, бол эле бол», - деп күйөөсүн жулкулдатып ойгото баштайт. Бул убакта карышкыр ак токтуну жара тартууга жакындап калган болот. Ошол кезде күйөөсү ойгонот. Ал эшикке атып чыгып: - «Кокуй эле кокуй, кара башыл ак токтуну карышкыр жеп кетти эле жеп кетти», - деп түн жаңырта айылдаштарына жар салат. Карышкыр качып жөнөйт. Дөңгө барып улуйт.

Сайид аке эми эле өзүңүздөр уккан күүдөй эле, башка күүлөргө да өзүнчө эле бир чакан театралдашкан көрүнүштөрдү түзүп, окуянын маңызына жараша, образ жаратып, мүнөздөмө, көркөмдүк көрк берип, эң бир жандуу, эң бир кызыктуу аткарчу. Баса, жогоруда өзүңүздөр баамдагандай, кыл кыяктын коңур добушу тээ адепки жаралышынан эле адамдардын, айбанаттардын, жан-жаныбарлардын үндөрүнө өтө жакын. Ошондуктан, алардын үндөрүн, баскандарын, учкандардын, чуркагандардын, деги эле бүтүндөй кыймыл-аракеттерин туурап тартуу табигый салтка айланган. Ал эми Сайид акедей байыркы аспаптын сырларын беш колундай билишкен залкар шайырлар кыяктарын кудум адамдардай сүйлөтүп, булбулдардай сайратып аткарышкан. Айтылуу кыл кыякчынын өздүк репертуары өтө бай, ар түрдүү маңыздагы күүлөрдөн турган. Алардын ана башында устаты Муратаалынын «Байге», «Кер өзөн», «Биздин үндү уккула» деген күүлөрү баштаган элдик «Ак барак ботом», «Бекарстан Тайчы», «Куу инген» жана өзүнүн «Сырдаш», «Эки дос», «Тизгин күү», «Топ жылкы» аттуу жана башка ондогон татаал кайрыктардагы күүлөр эле. Сайид аке уккандардын черин жазган канаттуу чыгармаларды аткаруу менен бирге элдик «Паризат», «Бери чык», «Чырак ой», «Эң кызык» жана А.Малдыбаевдин «Кызыл жолукчан», Ж.Шералиевдин «Пахтам», Р.Шүкүрбековдун «Терме» аттуу ырларын да өзүнчө бир кайталангыс өзгөчүлүктө табына чыгара ырдачу. Ушундай ар тараптуу, көп жактуу чыгармачылыктагы шайыр тирүү болгондо быйыл 102 жашка чыкмак. Бирок, кезегинде өчүп, өлүп бараткан байыркы кыл кыякты бүгүнкү күнгө жеткирген, өмүр берген көзгө басар кыл кыякчынын 70, 80, 90, 100 жылдыктарын маданий коомчулукта белгилеп эскерип коюу кыргыз жетекчилеринин үч укташса да түштөрүнө кире элек. Көрсө бир кем дүйнөдө ушундай боло берет турбайбы. Баса, жолугушуудан кийин Сайид аке мага атайын кыяк чаап, кылын тагып, белекке берди. Аны азыр да көзүмдүн карегиндей сактап жүрөм. Бир гана өкүнүчтүүсү - эки-үч жылдан кийин кылдары өзүнөн-өзү үзүлүп калды. Көрсө, кыякты такай тартып, кылына чайыр сүйкөп туруш керек экен. Мен жаштык кылып, анте албадым. Сайид акенин белекке берген кыл кыягын көргөн сайын алп кыл кыякчынын жайнаган келбетин элестетем. Күүлөрү кулагымда жаңырат.

Тектеш

XS
SM
MD
LG