Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:04
Орусиялык космонавт Юрий Маленченко космосто туруп АКШда жашаган колуктусу Екатерина Дмитриева менен баш кошууда. Үйлөнүү үлпөтү Маленченко иштеп жаткан эл аралык космос бекети Жер менен байланышкан учурда болот. Космонавттын колуктусу жашаган АКШдагы Техас штатынын мыйзамдары жаш жубайлардын бири катышпаса деле баш кошууга уруксат берет. Орусиянын космос агенттиги өз косманавты үйлөнүү үлпөтүн космостон өткөрүшүнө адегенде каршы турду эле, бирок кийинчерээк ага макул болду. Космонавт Ю.Маленченконун Жерге кайтып келүүсү октябрь айына белгиленген. Ага үйлөнүү үлпөтүндө кийүүчү кийими жана тагынуучу шакеги өткөн айда эл аралык космос бекетине жүк ташуучу кеме кеткенде жөнөтүлгөн.

Улан Эшматов, Прага

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG