Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:19

Европада ысыктын рекорддук көрсөткүчтөрү катталууда


Европада ысыктын рекорддук көрсөткүчтөрү катталууда
Маселен бүгүн Британияда күндүн ысыктыгы 37,4 градусту түздү. Адистер айтып жатышкандай, бул - өлкөнүн тарыхындагы эң ысык күн. Буга чейин 37,1 градустук ысык 1990-жылдын августунда катталган. Ал эми Германиянын Мюнхен шарынын түндүгүндө кечээ күндүн ысыктыгы 40,4 градуска жеткен. Бул жерде акыркы жолу 1983- жылы ысык 40,2 градус болгон экен. Ысыктын айынан Европа өлкөлөрүндө 40 тай адам каза тапты. Адистер мындай аба – ырайы августун ортосуна чейин сакталарын айтышууда. Ал эми Франция, Португалия, Италия, Испания, Хорватиядагы токой өрттөрү оңбогондой чыгым алып келди. Кургакчылык менен ысыктан айыл-чарбасы да зыян тартууда. Германиянын Браденбург жериндеги фермерлердин билдиргенине караганда, айдоо аянттарына себилген өсүмдүктөрдүн 80% дайы керектен чыгышы мүмкүн. Өткөн аптада Францияда ысыктын айынан 1 миллондой жөжө кырылып калган.

XS
SM
MD
LG