Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:30

ООГАНДЫК ГОР ВИЛАЙЕТИНДЕГИЛЕР АЛИГИЧЕ ОН ТОГУЗУНЧУ КЫЛЫМДА ЖАШАШАТ


Тынчтыкбек Чоротегин, Прага шаары Борбор Азиянын түштүк капшытындагы өлкө - Ооганстандын элет жеринде билим берүү жана саламаттыкты сактоо кырдаалы кандай? Алыскы Гор вилайетиндеги азыркы аянычтуу акыбал - Ооганстандын сабаттуулук жана саламаттыкты сактоо жаатында дүйнөнүн эң артта калган өлкөсүнөн болуп кала берип жатканын айгинелейт.

Гор (Ghor) вилайетинде социалдык кырдаал, анын ичинде – билим берүү жана саламаттыкты сактоо жааты өтө начар экенин аймактын билимдүүлөрү – жергиликтүү молдолор өтө кейиштүүлүк менен белгилешет. Алардын бири, диниятчы Аманулла Аманулланын (Amanullah Amanullah) оюн угуп көрөлү:

- Гор вилайети согушка чейин эле Ооганстандагы эң жакыр жана алыскы элет жери болчу. Бизде кан жол, мектеп, ооруканалар дегендин жыты да жок эле. Эми акыбал ого бетер начардады. Көптөгөн тургундар Кабулга жана башка аймактарга ооп кетти. Айрым кыштактарда эски журттун орду эле калды. Эми оруу-жыйуу маалында кыштактарда киши күчү жетишпейт.

Аманулла молдонун айтымында, 750 миңдей киши байырлаган Гор вилайетинде жогорку класстары бар делчү мектептен - бар болгону төртөө эле. Көпчүлүк айылдарда жергиликтүү молдолор кыш мезгилинде гана элет балдарын жыйып, окутумуш болот. Алардын негизги эрмеги – Куран сүрөөлөрүн жаттоо.

Вилайетте 3 миңдей молдо бар. Бирок алардын баары тең эле кат-сабаты дурус жоюлган адистерден эмес. Тескерисинче, тээ 19-кылымдагы кыргыздардын турмушундагыдай, молдолордун айрымдары ырым-жырымчылык менен кесип кылып, бош убагында гана бала окутумуш болушат.

Мындай чала сабат молдолордун башкы бутасы – сабатсыздыгын жоюуга ынтызарлар эмес, жан чыдаткыс кеселинин айынан “молдокесинен” эмдөөнү өтүнгөн оорулуулар. Гор вилайетинин ордосу – Чагчаран кыштагында бүт дубан боюнча көзгө басар бир оорукана бар. Ага жыйырмадай гана оорулуу кабыл алынат.

Дал ушундай аянычтуу кырдаалда түркөйлүктүн, караңгылыктын запкысын биринчилерден болуп аялзаты, энелер жана балдар тартаары айтпаса да түшүнүктүү.

Чагчарандагы оорукананын гинеколог адиси Нуш Афарин Шахаб Дулати (Noosh Afarin Shahab Dolati) айым француздардын “Медисин ду Монд” (Medicins du Monde) аттуу өкмөттүк эмес кайрымдуулук уюму менен иштешет. Дулати айым Гор калкында тазалыкты сактоо түшүнүгү өтө төмөн экенине кейийт. Бүбү кемпирлер же киндик энелер жаңы төрөлгөн ымыркайды дароо киринтип алуунун ордуна, оболу кык же топо салынган табакка жаткырышат. Алардын ишениминде, Алла-таала жарык дүйнөгө келген ымыркайдын кызыл эт денесин дароо топуракка тийгизгени үчүн энени жана киндик энени алкайт имиш.

Төбө чачты тик тургузган окуялардын бирин Дулати айым “Азаттыкка” мындайча баяндады:

- Жакында ооруканабызга бир аял келди. Анын араң эле жаны калыптыр. Бул айымды алыскы бир кыштактан жеткирип келишти. Аялдын толгоосу башталган чакта, жатындагы бала аягын сунуп өйдөлөнүп калган экен. Толгоо маалында оболу ымыркайдын колу көрүнгөн. Бүбү кемпир аны тартууга дарманы жетпей жатканын айтып, ымыркайдын атасын чакырат. Анысы келет да, бар күчү менен наристени колдон тартып, чүрпөсүнүн колун таптакыр жулуп алыптыр.

Дарыгер Дулати айымдын айтымында, ымыркай кансырап өлгөн. Айымды төрт күндөн кийин гана Чагчарандагы ооруканага жеткиришкен. Дарыгерлер түркөйлүктүн айынан чарчап калган баланын сөөгүн татаал операция аркылуу жатындан алып чыгышкан. Бечара аялдын жатынын таптакыр алып салууга туура келген.

Алиги “Медисин ду Монд” кайрымдуулук уюму 2005-жылга карата Гор вилайетиндеги иш-аракетин токтотууну көздөөдө. Ага чейин анча-мынча жергиликтүү дарыгерлерге адистик жардам берүүгө болот. Бирок андан кийинчи? Айтмакчы, ансыз да француз дарыгерлери ноябрдан март айына чейин аймактан чыгып кетип, келээрки жазда кайра келүүгө тийиш. Болбосо кыш айларында Гор вилайети “чоң жерден” дээрлик бөлүндүдө калат да, чет өлкөлүк дарыгерлердин коопсуздугу үчүн эч ким кепил боло албайт.

Ооганстан болочокто кайра курулаарында шек жок. Бирок азыркы тапта расмий Кабул алыскы элет жери түгүл, ордо шаардын айланасындагы көйгөйлүү маселелерин да оңдуу чече албай жан-алакетке түшүүдө. Борбор Азия өлкөлөрү саламаттыкты сактоо жана билим берүү жаатында коңшусу үчүн дурус өрнөк экени шексиз. Алар бул жаатта коңшу оогандарга сөз жүзүндө гана эмес, иш жүзүндө да жардам бере алаар эле.
XS
SM
MD
LG