Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:43

Ооганстандын байтакты Кабулдун коопсуздугун камсыздаган көп улуттуу күчтөрдүн, кыскача англисче аталышы ISAFтин командачылыгы 11-август күнү НАТОго өттү. Түндүк Атлантика уюму эми 54 жыл мурда түзүлгөндөн бери биринчи жолу Европадан тыш жакта эл аралык тынчтык миссиясын аткарат. НАТОнун билдиришинче, ал ISAFтин мандатын алмаштырбайт; Кабулдун жана анын чет жакаларынын гана коопсуздугун камсыздоого көмөктөшөт.

11-август, дүйшөмбү күнү Кабулдагы эл аралык күчтөр, кыскача аталышы ISAFтин командачылыгы НАТОго өттү. НАТО 54 жыл мурда түзүлгөндөн бери эми биринчи жолу Европадан алыс жакта тынчтык миссиясын аткарат. Бул кадам, “The Wall Street Journal Europe” гезити белгилегендей, глобалдык терроризмге каршы күрөшүү - Түндүк Атлантика уюмунун негизги максаттарынын бири болуп калганын күбөлөйт.

Соңку жарым жылда Кабулдагы тынчтыкты камсыздоого жардамдашып жаткан көп улуттуу күчтөрдү германиялык жана нидерландиялык командирлер жетектеген. Ошондуктан, дүйшөмбү күнкү вазийпа алмашуу салтанатына Германиянын коргоо министри П. Струк, нидерландиялык жана НАТОлук ырасмий адамдар, ошондой эле Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн башчысы Хамид Карзай катышты.

НАТОлук аскерлердин алдында татаал милдет турат. Февралдагы кезмет алмашуу алдында Кабул аба майданы ракетадан аткылангандыктан, Струк түшкөн учак бир топ убакыт жерге конбой учуп жүргөн.

7-июнь күнү автомобилчен жанкечти жасаган чабуулдан германиялык төрт аскер өлгөн. Эл аралык күчтөр жайгашкан Кабулда салыштырмалуу тынч. Лекин, өлкөнүн түштүгүндө жана түштүк чыгышында абал татаал: карапайым жарандарга жана соопкерчилик миссиясын аткарып жүргөн эл аралык уюмдарга кол салуулар уланууда. Коогалуу жагдайды талибдер менен “ал-Каидачылар” түзүүдө деген шектенүүлөр бар. Хамид Карзайдын өкмөтүн тааныгысы келбеген лашкер башчылар да провинцияларда өз бийлигин орнотууга умтулушуп, тынчтыкка кедерги болушууда.

Ооганстандын улуттук полициясы менен армиясы али түзүлүп бүтө элек. Ошондуктан, келерки жылдын июнь айына белгиленген президенттик шайлоо маалында тынчтыкты камсыздоо кыйын болот да, добуш берүү үзгүлтүккө учурашы ыктымал деп чочуган ISAFтин командачысы Норберт ван Хайст өткөн аптада эл аралык коомчулукту Ооганстандын провинцияларындагы коопсуздукка көбүрөөк көңүл бөлүүгө чакырган.

Хамид Карзай өзү, БУУнун башкатчысы Кофи Аннан жана соопкерчилик уюмдары да ISAFти тынчтык миссиясын провинцияларга жайылтууну дембе-дем сурап келет.

Бирок, НАТОнун өкүлү Марк Лейти билдиргенге караганда, ISAFтин мандатын улантууну НАТО өзүнүн башкы милдети деп билет. Ошон үчүн, НАТОнун аскерлери, БУУнун мандатына жараша, Кабулдун жана анын тегерек-четиндеги тынчтыкты камсыздап, мүмкүн болчу террордук чабуулдардын алдын алат. Өкүлдүн айтышынча, провинцияларга аскер жөнөтүү келечекте талкууланчу маселе.

Норберт ван Хайсттын пикиринче, эгерде ISAFке Кабулдан тыш жактарда да тынчтыкты сактоого жардамдашуу милдети жүктөлчү болсо, ал үчүн кеминде 10 миң аскер зарыл болот.

Азыр эле НАТОнун кээ бир мүчөлөрү уюм өзүнө ашыкча көп жүктү артып алды деп жатышкандыктан, Брюссель Ооганстанга кошумча аскер жөнөтөрү өтө күмөндүү.

Андай болгон менен, “The Financial Times” гезити дипломаттык булактарга шилтеп: “НАТО Кабулда жайгаша баштагандан кийин, Улуттар Уюму жана бейөкмөттүк уюмдар анын мандатын борбордон тыш жактарга да кеңейтүүнү талап кыла баштайт”, - деп жоромол кылат.

Алардын мындай талап коюусуна толук негиз бар. Себеби, эл аралык соопкерчилик уюмдарынын ишин изилдеген CARE борборунун изилдөөсүнө караганда, жаңыдан согуш басылган өлкөлөрдүн ичинен Ооганстан тынчтык күчтөрү эң аз жайгашкан өлкө. Алсак, Косоводо 48 адамга бир тынчтык аскери, Боснияда 58 адамга, ал эми Ооганстанда 5380 адамга 1 тынчтык аскери туура келет.
XS
SM
MD
LG