Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:23

Сапар Орозбаков, Бишкек Бир кезде үйлөрдү жана коомдук жайларды жылытууну, тамак-аш даярдоону көмүрдөн жана газдан электр энергиясына өткөрүү тууралуу саясат жүргүзүлгөн болчу. Турмуш анын каталыгын көрсөттү. Электр энергиясынын баасы кымбаттагандан кийин бул үчүн көмүрдү пайдалануу бир канча эсе арзан тураары маалым болду. Эми аларды кайрадан көмүргө өткөрүү белгиленип жатат. Бирок бул жаңылыш саясаттан өлкөнүн көмүр өнөр жайы аябагандай чоң зыян тартты.

Мындан 15-20 жыл мурун, Кыргызстан «Борбор Азиянын кочегары» атыгып турганда, ал жылына 3,5 млн. тонна көмүр казчу. Анын 60% Өзбекстан менен Казакстанга кетчү. Кыргызстандын түндүгү Карагандыдан көмүр ташыганы менен, түштүк өзүнүн көмүрүн Өзбекстанга, ал тургай Казакстандын Чымкент, Кызылордо шаарларына чейин жөнөтүп турган. Азыр кошуна өлкөлөр биздин көмүрдөн баш тартып, алыс болсо да өз шахталарынан көмүр алышат же анын ордуна газ колдонушат. Натыйжада Кыргызстандын көмүр казган ишканалары мурда казылган көмүрдүн үчтөн бирин да бербейт. Кошуна өлкөлөр биздин көмүрдөн баш тартканы аз келгенсип, өзүбүздүн керектөөчүлөрдүн бир даары да электр энергиясын пайдаланууга өткөн.

- Азыркы күнү Ташкөмүрдө, Сүлүктүдө жана Кызылкыяда 100 миң тонна көмүр жатат. Аны саткыдай базар жок. Башкасын айтпаганда да, көмүр кенине жакын жайгашкан Ташкөмүрдүн өзүндөгү жана Көкжаңгактагы кээ бир мектептер, ооруканалар электр энергиясын пайдаланууга өтүп алышкан. Бул «баарын электр энергиясына өткөрөбүз» деген өкмөттүн саясатынын туура эместигинен келип чыккан, - дейт «Көмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Картайбек Муканбетов. Электр энергиясына өтүү саясаты анын тарифи төмөн кезде иштелип чыккан. Турмуш анын каталыгын көрсөттү.

- Электр энергиясынын жылуулугу көмүрдүн жылуулугуна караганда эки эсе кымбат. Аны түшүнгөн жеке менчик ишканалар жана жеке адамдар көмүргө өтүштү. Бирок бюджеттен каржыланган ооруканалар, мектептер электр энергиясын пайдаланган бойдон калып жатышат. Анткени алар өздөрү төлөшпөйт. Акча өкмөттүн чөнтөгүнөн чыгат. Алар жеке менчик болгондо, эчак өтүшмөк, - дейт Картайбек Муканбетов. Электр энергиясына өтпөй, көмүр пайдаланган мамлекеттик мекемелердин болсо акчасы жок. Жадагалса жылына 700 миң тонна көмүр жаккан Бишкектин жылуулук борбору да «Кыргызэнерго» бөлүнгөндөн кийин каражатсыз калды. Кыш жакын калганда өкмөт «буларга көмүр бер» деп бердиртет. Бирок алар акчасын өз убагында бербей, көпкө сүйрөшөт. Акча түшпөгөндөн кийин, көмүр казган ишканалар салыкты өз убагында төлөй алышпайт. Салык органдары болсо «убагында салык төлөбөйсүң» деп аларды айыпка жыгат.

- Жумгал районунун салык инспекциясынын маалымат кагазынан бир маалымат келтирейин. 1-августка карата «Акулактын» жалпысынан 8 млн. 530 миң сом карызы бар. Анда салыктын өзү 3 млн. 22 миң сом эле. Калганынын баары айыппул, - дейт Картайбек Муканбетов. Ал электр энергиясын уурдап жагуу көмүр өнөр жайына түздөн-түз таасир берээрин айтат.

- Дагы бир фактор - электр энергиясын уурдоо. Ошон үчүн электр энергиясынын жоготуулары 43-45% чейин чыгып жатат. Каракечеге бара жаткан жолдо «Дыйкан» деген кыштак бар. Көмүрдүн түбүндө. Эртең менен карасаң көпчүлүк үйдөн түтүн чыкпайт. Бардыгы электр энергиясын колдонушат. Электр энергиясынын жоготуулары - мамлекеттик чоң маселе. Анын артында көмүр өнөр жайынын келечеги турат, - дейт Картайбек Муканбетов.

Ал «эгерде мамлекеттик мекемелер кайрадан көмүргө өткөрүлсө, электр энергиясын уурдоого тыюу салынса жана бюджеттик мекемелер убагында каржыланып, алар алган көмүрү үчүн акчаны дароо берип турушса, көмүр өнөр жайынын абалы оңолуп кетер эле» деген ойдо.
XS
SM
MD
LG