Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Орусиядан Кыргызстанга чейин автожүрүш уюштурулат


БИШКЕК. 15-августтан 31-августка чейин Орусиянын Красноярск крайынан Бишкек шаарына чейин авто жүрүш уюштурулат. Мындай иш-чара Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата уюштурулууда. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында жүрүштүн уюштуруучусу, «Борбор Азия-TV» телерадиокомпаниясынын президенти Жээналы Камбаралиев маалымдады. Анын айтымында, авто жүрүштүн катышуучулары кыргыздардын байыркы ата-бабалары көчүп-конуп жүргөн жерлери аркылуу өтүшөт. Автожүрүш Краснояск шаарынын чет-жакасында жайгашкан Кызылжар деп аталган жерден башталып, Монголиянын батышындагы Кыргызнур көлү аркылуу өтүп, андан соң Тоолуу Алтай, Казакстандын чыгыш аймагы аркылуу Бишкекте соңуна чыгат. Ошондой эле автожүрүш учурунда Кыргыз мамлекеттүүлүгө карата 2 сааттык кинотасма тартылат.

XS
SM
MD
LG