Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

КЫРГЫЗСТАНДА СОВЕТ УБАГЫНДАГЫДАЙ БААТЫР ЭНЕЛЕР ЖОК


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстанда жыл өткөн сайын көп балалуу энелер азаюуда. Ошол эле учурда мамлекет тарабынан Совет убагындагыдай камкордук жок. 2002-жылы президент Аскар Акаев өз жарлыгы менен республиканын бардык облустарында жашаган ондон ашык бала төрөгөн энелерди “Баатыр эне” ордени менен сыйлаган. Алар бүгүн дары-дармектерге жарым-жартылай жеңилдик алганы жана коомдук тарнспортко бекер түшкөнү болбосо, аларга мамлекет тарабынан камкордук жетишсиз.

Соңку жылдары Кыргызстанда балдардын төрөлүшү кескин азайды. Байкоочулар муну өлкөдөгү жакырчылык менен түшүндүрүшүүдө. Эми он-он бир балалуу үй-бүлөлөрдү чанда жолуктурууга болот. Жаш үйлөнгөн жубайлар адатта он балалуу болушту кеп кылбай калды. Анын үстүнө Кыргызстанда иштеген эл аралык уюмдар массалык маалымат каражаттары аркылуу үй-бүлөнү туура пландоо тууралуу катуу пропаганда кылышууда. Саламаттык сакчыларынын мындай өңүттөгү аракети калкты кайсы бир деңгээлде аз бала күтүү бүтүмүнө алып келүүдө. Кыргызстанда соңку жылдары аялдардын жана наристелердин өлүмү кескин кыскарганын белгилешүүдө. Саламаттыкта сактоо министринин орун басары Тилек Мейманалиев мурда Кыргызстандагы аялдар жылга катар-катар төрөп, ден-соолугун карабаганын белгилейт. Анын айтымында, медициналык жактан караганда төрөгөн аялдын дене-бою жок дегенде үч жыл эс алышы керек. Мейманалиев мырза бул жаатта эл аралык уюмдардын эненин жана баланын ден-соолугун сактап, баланы туура күтүү боюнча жүргүзгөн иш-чаралары өз натыйжасын берип атат деп эсептейт. Ал туура пландоо иши өз жыйынтыгын берип Кыргызстанда наристелердин да, энелердин да өлүмү кыскарганын белгиледи. Врачтардын көп төрөө ден-соолукту начарлатат дегенине ондон ашык бала төрөгөн аялдар деле каршы эмес. Атбашы районунун Ачакайыңды айылында жашаган Мусабекова Орозобүбү 11 баланы чоңойтту.

- Колу- бутум ооруйт, улам бир жерим сыздап, чынында, ден соолугум начар. Азыр бир- экини төрөгөндөн кийин эле оору башынан кетпей атпайбы. Анан онду төрөш деген оңой эмес да. Бирок, абышкам экөөбүз «Кудайга шүгүр» деп отурбаыз. Он баланы азап менен чоңойтуп, эми үзүрүн көрүп атабыз, - дейт Орозобүбү Мусабекова.

Орозобүбү Мусабекова Совет убагында көп балалууларга болгон камкордукту эскерди. Баатыр энелерге атайын дүкөн ачылып, көзгө сүйкүм товардын баары кезексиз берилчү. Азыр кичүү баласы 7-класста окуйт. Карыганда мектепте бала окутуш деле оңой эмес. Доктурга көрүнгөнү барса да акча сураганын кеп кылды.

- Азыр баары менчик болуп кетпедиби? Баатыр эне болсоң да карабай калган. Доктурга барсам, көрүнүп чыкканыңа эле 30 сом төлөйт экенсиң, - дейт он бир баланын энеси.

Калкты социалдык жактан коргоо департаментинин башчысы Темирбек Саралаевдин билдиргенине караганда, учурда Кыргызстанда 16 миң 329 Баатыр эне бар. Тилекке каршы, жылдан-жылга Баатыр энелердин саны азаюуда. 2001-жылы алар 18 миңден ашык болчу. Карыларыбыздын катары суюлган сайын көп балалуу энелердин катары да азайууда. Калкты социалдык жактан коргоо департаментинин билдиргенине караганда, Баатыр энелерге дары-дармекке 50% жеңилдик бар. Ошондой эле коомдук транспортто бекер жүрүүгө уруксат. Мындан тышкары, республикалык бир гезитке жана аймактык бир басылмага жазылууга жеңилдик берилет. Кокус ооруп калса иштеген жери айлыгын толук төлөп берүүгө милдеттүү. Булар эми өкмөттүн жобосунда бекитилген жардамдар.

Коомчулукта «деги эле Баатыр энелерге мамлекет камкордук көрбөйт» деген пикирлер бар. «Агым» гезитинин кабарчысы Жылдыз Мусабекова көп балалуу бүлөдө чоңойгон. Апасы 11 баланы багып чоңойткон. Жылдыз Мусабекованын пикиринде өкмөт көп балауу энелерге көңүл бурбай калган.

- Азыр жадагалса электр энергиясына жеңилдик жок. Менин апам кайсы бир жылы районго барып Германиядан келген кымбат баалуу кийим тиккен машина алып келген. Ал кезде андай оокатка чоңдордун аялдары гана жетчү. Ал кезде мындай тартыш нерселерди Баатыр энелерге кезексиз берчү. Азыр эми андай камкордук жок. Жок дегенде ден- соолугун караганга мамлекет жардам берип койсо болмок, - дейт «Агым» гезитинин кабарчысы.

Айрым иликтөөлөргө караганда, Кыргызстандын калкыныны 85% жакыр жашайт. Жакыр элди коркунучтуу оорулар да көп басаары белгилүү. Айрым байкоочулардын баамында, жакыр турмуштун айынан аялдар бала төрөштөн чочулашат. Мурдагыдай «Кудай берип атса төрөй берем» деген пикир аз. Белгилүү публицист Кален Сыдыкованын айтымында, азыркы заманда көп балалуулукка үгүттөштүн кажети жок.

- Эгер кыргызды көбөйтөбүз, тукумун өстүрөбүз десек мамлекеттик атайын саясат болуш керек. Анан жазылган мыйзамдар иштебесе, эч кандай камкордук жок болсо жакыр эл кыйналат да. Жакыр турмушта оорукчан, бою кичине, алсыз балдар төрөлөт. Менимче, бүгүнкү кырдаалда көп балалуукту үгүттөөнүн кереги жок. Андан көрө аз болсо да ден соолугу мыкты, акылдуу балдар чоңойсун, - дейт Кален Сыдыкова.

XS
SM
MD
LG